ЕККУнун Бишкектеги борбору чек ара коопсуздугунун координациялык механизмин Ош облусунда орнотууга жардам берүүдө
2011-жылдын 16-ноябрында, биринчи областык деңгээлдеги чек ара коопсуздугу боюнча жолугушуу Кыргызстандын түштүгү Ошто болду. Аталган жолугушууга чек ара кызматынын өкүлдөрү, мамлекеттик кызматкерлер жана чек арага жакын жайгашкан Кара-Суу жана Араван шаарларынын жашоочулары катышты.
Бул жолугушуу ЕККУнун Бишкектеги борборунун Оштогу талаа Бюросу, Ош облусунун Губернаторунун Администрациясы жана Кыргыз Республикасынын Чек ара кызматы менен биргеликте, ЕККУнун Ош жана Жалал-Абад облустарындагы чек арага жакын жайгашкан аймактарда чыр-чатактарды алдын алуу механизмин орнотуу долбоорунун бир бөлүгү катары уюшулду.
Ар бир үч айда өтүүчү жолугушуулардын максаты – Ош облусунун Фергана өрөөнүнүн чек ара аймактарында калк менен болгон ишти жана ведомстволук мекемелерде координациялоону жогорулатуу эсептелет. Ушул сыяктуу жолугушууларда чек ара маселелерин “алдын алуучу топторунун” өкүлдөрү чек арага жакын жайгашкан аймактардагы тынчсыздандырган маселелерди талкуулоого мүмкүнчүлүк алышат. Алар мамлекеттик жана жарандык коомдун өкүлдөрүнөн түзүлүп, райондук деңгээлде, ар бир ай сайын чек ара маселелери боюнча иш алып барышат. Бул сыяктуу алдын алуучу топторду түзүү жана ишин илгерилетүү ЕККУнун долбоорунун алкагында жүргүзүлөт.
Бул жолугушууда мал уурдоо, документтердин коопсуздугу жана кыргыз тараптагы чек арадагы бүт чек ара маселелери талкууланды. Ал эми мамлекеттик кызматкерлер өз кезегинде бул маселелерди чечүү боюнча чечим кабыл алууга убада беришти жана ЕККУнун Бишкектеги борборуна ушул сыяктуу механизмди орнотууга көмөктөшкөндүгү үчүн ыраазычылык билдиришти.
ЕККУнун Бишкектеги борборунун башчысы, элчи Эндрью Тесорьер мындай деди: “ Чыр-чатактарды алдын алуу ЕККУ борборунун мандатынын негизги аспекти болуп эсептелет. Эң негизги артыкчылык - чек араны башкаруу. Бул Оштогу чек ара коопсуздугунун маселелерин талкуулоо үчүн жолугушуу өз убагында өтүүдө. Себеби, ал ар кандай мамлекеттик структуралар менен калктын ортосундагы чек ара маселелерин чечүү боюнча кызматташууну бекемдөөгө болгон кадам болуп эсептелет. Бул жолугушуунун максаты – кызматташууну чыңдоо, чек ара маселелерин чечүүгө тажрыйбаларын жогорулатуу жана катышуучуларга эл аралык тажрыйбадан пайда алууга мүмкүнчүлүк берүү эсептелет.”
Ош областынын губернаторунун орун басары, Ахматбек Махамадов мындай деп белгилей кетти: “ Бул жолугушуу чек арага жакын жайгашкан райондордогу стабилдүүлүктү колдоо боюнча ишмердиктин натыйжалуулугуна жетүү үчүн чек ара кызматына кошумча өбөлгө түзөт.”
Чек ара кызматынын көзөмөлдөө боюнча башкы Башкармалыгынын башчысы, Арсений Даткабеков мындай деп кошумчалады: “Сактыкта кордук жок. Күч органдары менен жергиликтүү калктын ортосундагы координация, бизге чек арадагы мүмкүн болуучу чыр-чатактар боюнча эрте маалымат алууга мүмкүнчүлүк берет.”
Ал эми ушул эле форматта өтүүчү биринчи аймактык чек ара коопсуздугу боюнча Жалал-Абаддагы жолугушуу ноябрда өтөт.