ЕККУнун Бишкектеги борбору эң мыкты участкалык инспекторлорго сыйлык тапшырды
Бишкекте 2011-жылдын 10-ноябрында Участкалык инспекторлордун күнүнө карата, ЕККУ уюштурган Ички Иштер Министрлигинин Чүй жана Таластагы бөлүмдөрүнүн инспекторлорунун арасында өткөн сынактын жеңүүчүлөрүнө сыйлык тапшыруу аземи болуп өттү.
Аталган конкурс коомчулукка, аксакалдарга жана жергиликтүү бийликке участкалык инспекторлордун ишин баалоого мүмкүнчүлүк берди. Сыйлыктар “ мыкты участкалык инспектор”, “ эң жоопкерчиликтүү инспектор”, “эң активдүү инспектор” жана “карылардын эң жакшы досу” сыяктуу наамдарга ээ болгондорго тапшырылды.
ЕККУнун Бишкектеги борборунун башчысы, элчи Эндрю Тесорьер мындай деди:” Участкалык инспекторлор коомдун коопсуздугун коргоодогу эң негизги элемент болуп эсептелет. Чүй жана Талас облустарынын эң мыкты участкалык инспекторлорун жергиликтүү коомчулук тарабынан тандоо – ЕККУнун Кыргызстандагы Милицияны реформалоо долбоорунун алкагындагы “ Милиция сиздер үчүн жана сиздер менен” деген ураандын негизинде өткөрүлдү.”
ИИМдин кварталдык милиция бөлүмүнүн башчысы Алмазбек Молдокматов мындай деп кошумчалады: ” Бул сыяктуу сынактар милиция кызматкерлеринин образын жогорулатууда, алардын ишинин маанилүүлүүгүн билдирүүдө жана жергиликтүү коомчулук менен ишенимди орнотууда жана кызматташууда маанилүү болуп эсептелет. Мындан тышкары, бул алдыга карай умтулууга мүмкүнчүлүк берет, анткени эң мыкты участкалык инспекторлор бүткүл өлкөдөгү өздөрүнүн кесиптештерине үлгү боло алышат.
Аталган иш-чара ЕККУнун Бишкектеги борборунун, Кыргыз Республикасынын милицияны реформалоо долбоорунун алкагында каржыланып, “Хелп Эйдж Интернешнл”бейөкмөт уюму тарабынан ишке ашкан “Аксакалдар менен биргеликте коомдук коопсуздукту жакшыртуу” долбоорунун бир бөлүгү катары уюшулду.