ЕККУ Кыргызстандагы минералдык ресурстарды жоопкерчиликтүү түрдө колдонуу боюнча диалогду колдойт
БИШКЕК, 10-ноябрь 2011-жыл – Бүгүн минералдык ресурстарды изилдөө жана өндүрүүнүн натыйжасы жөнүндө конструктивдүү диалогду илгерилетүү боюнча ачык отурум өттү.Бул жолугушууга мамлекеттик кызматкерлер, парламенттин мүчөлөрү, бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү, бизнес-ассоциациялар жана жаратылыш ресурстарын өндүрүүчү компаниялар катышты.
Бул жолугушуу Эл аралык ишкер кеңеши тарабынан жана ЕККУнун Бишкектеги борборунун колдоосу менен биргеликте уюшулду. Жолугушуунун максаты болуп мамлекет менен жаратылыш ресурстарын өндүрүүчү жана изилдөөчү компаниялардын жана жергиликтүү бийлик менен калктын ортосунда макулдашууга жетүүнүн мүмкүнчүлүктөрүн талкуулоо эсептелет. Бул макулдашуунун негизинде, жергиликтүү калктын жана инвесторлордун кызыкчылыктары жогорку деңгээлде корголушу керек. Катышуучулар жамаатык социалдык жоопкерчилик чет мамлекеттик инвестицияларга маанилүү болгон натыйжалуу башкарууну алмаштыра албастыгын талкуулашты. Алар социалдык колдоо менен гана чектелбестен, айлана-чөйрөнү коргоо жана жаратылыш ресурстарын өндүрүү боюнча иш алып барган компаниялардын экологиялык стандарттарын жогорулатууну да талкуулашты.
ЕККУнун Бишкектеги борборунун башчысы, элчи Эндрю Тесорьер мындай деди: “Кыргызстан минералдык ресурстарды эксплуатациялоону жоопкерчиликтүү түрдө башкарышы керек. Бул жоопкерчилик жаратылыш ресурстарын өндүрүү боюнча долбоорлорго таасирленген бийлик жана коомдун ортосундагы алдын-ала кеңештерди камтыйт жана экологиялык таасирди изилдөө да кирет. Экономикалык кирешелүүлүк, экономикалык жана экологиялык туруктуулук жана улуттук бюджет менен катар жергиликтүү калктын пайдасы менен да таразаланышы керек. Ички жана тышкы инвесторлорду тартуу үчүн келишим укуктары жана эмгек стандарттарынын шарттары сакталышы керек.”
Эл аралык ишкер кеңешинин аткаруучу директору Актилек Түнгатаров мындай деди: ” Кыргызстандагы инвестициянын көлөмү бара-бара өсүүдө. Инвесторлор менен жергиликтүү мекемелердин жана жарандардын ортосундагы натыйжалуу байланыштар абдан маанилүү. Бул жолугушууга катышкан бардык кызыкдар тараптар жогоруда айтылгандай, натыйжалуу байланыштарды түзүүгө умтулушат.”
Бул иш-чара ЕККУ колдогон 2011-жылдагы үчүнчү коомдук ишмердик болуп эсептелет. Анын максаты болуп ички саясый дебаттар менен мамлекеттин байланышын орнотуу, чыр-чатактарды алдын алуу жана инвестициялык шарттарды түзүү эсептелет. Буга чейин өткөн иш-чаралар коррупцияга каршы күрөшүү маселелерине жана Кыргыз-Өзбек чек арасындагы соода-сатыкка байланыштуу болгон.