ЕККУ Суу колдонуучулар Ассоциациясына Кыргызстандагы суу бөлүштүрүү иштери боюнча жардам берет
ОШ, Кыргызстан, 9-ноябрь 2011-жыл- Бүгүн ЕККУнун “Кыргызстандын түштүгүндө Суу колдонуучулар Ассоциациясынын мүмкүнчүлүгүн жогорулатуу”долбоорунун алкагында жыйынтыктоочу конференция болуп өттү. Бул конференцияда суу бөлүштүрүүчү жабдуу жана куруу материалдарын колдонуу, суу бөлүштүрүүдө чыккан чыр-чатактарды кыскартуу сыяктуу маселелерди талкуулашты.
Конференциянын катышуучулары, тренингден өткөн Суу колдонуучулар Ассоциациясынын мүчөлөрү өлкөдөгү суу бөлүштүрүү иштерин натыйжалуу алып кетерин белгилешти.
ЕККУнун Бишкектеги борборунун башчысы, элчи Эндрью Тесорьер мындай деди: “Суу - бул баалуу ресурс. Анын негизинде келип чыккан чыр – чатактар көп учурларда чектелген чыңалууга алып келиши мүмкүн. ЕККУ суу бөлүштүрүү иштерине жоопкерчиликтүү болгон, Суу колдонуучулар ассоциациясы менен ийгиликтүү иштешип келүүдө. Бул кызматташуу калкы жыш жайланышкан Фергана өрөөнүндө абдан маанилүү. Биз Суу колдонуучулар Ассоциациясына суу бөлүштүрүүдөн келип чыккан чыр-чатактарды кыскартууга колдоо көрсөтөбүз.”
Эндрью Тесорьер: “Бүгүнкү конференциядагы сабактар жана ойлор менен алмашуу ЕККУнун бул багыт боюнча мындан кийинки ишмердигин жүргүзүүгө негиз болот” – деп кошумчалады.
“Өмүр-Суу “ Суу колдонуучулар Ассоциациясынын башчысы, Нематжан Паттаев мындай деп белгиледи: “Бул программанын ийгилигинин сыры насаат, үйрөтүү методун колдонуу эсептелет. Себеби, Ассоциациянын тажрыйбасы аз кызматкелери өздөрүнүн тажрыйбалуу кесиптештеринен натыйжалуу башкаруу жана заманбап бөлүштүрүү методдорун колдонуу аркылуу суунун азайышын кыскартууну , ошондой эле чыр-чатактарды чечүүнү жана калыпка келтирүү боюнча тажрыйбаларын үйрөнүштү.
ЕККУ “Кыргызстандын түштүгүндөгү Суу колдонуучулар Ассоциациясынын мүмкүнчүлүгүн жогорулатуу” долбоорунун алкагында Ассоциациянын 55 насаатчы өкүлү өз кезегинде, башка 33 ассоциациялардын 330 мүчөсүнө өз билимин үйрөттү. Мүмкүнчүлүктү жогорулатууга кошумчалай, техникалык жардам катары ирригациалык жабдуу жана каналды реконструкциялоого курулуш материалы берилди.