ЕККУ Кыргызстандын президенттигине талапкерлердин Жүрүм-турум Кодексине кол коюусун колдойт
Бишкек, 26-сентябрь 2011-жыл – Бүгүн Бишкекте ЕККУнун Бишкектеги борборунун колдоосу астында президенттикке талапкер 8 адам Жүрүм-турум Кодексине кол коюшту.
Жүрүм-турум Кодексинде 30-октябрда болуучу президенттик шайлоонун алдында талапкерлердин жүрүм-турумунун принциптери камтылган. Кодекс ЕККУнун Бишкектеги борборунун көмөктөшүүсү, ошондой эле Эл аралык мамилелер боюнча Улуттук Демократиялык Институт, Эл аралык Республикалык Институт жана “Саясий Партиялардын Парламенти” бейөкмөт уюму тарабынан иштелип чыккан.
Аталган Кодекс талапкерлерди шайлоонун алдындагы кампанияларды “мыйзам чегинде, оппоненттеринин жактоочуларына жана талапкерлерге сый мамиле кылып, демократиялык толеранттуулуктун атмосферасында” өткөрүүгө чакырат.
Кодексте саясый ишмердүүлүктүн төмөндөгүлөрү тыюу салынган: добуштарды сатып алуу же шайлоочуларды коркутуп- үркүтүү, саясый жолугушууларда курул-жарактарды, алкоголдук ичимдиктерди жана баңгизаттарды таратуу, ошондой эле социалдык, диний, расалык жана этникалык жаман көрүүгө азгыруучу жалаа сөздөрдү айтуу.
ЕККУнун Бишкектеги борборунун башчысынын орун басары Лилиан Дарий мындай деди: “Алдыда келе жаткан президенттик шайлоо Кыргызстандын стабилдүү келечеги үчүн маанилүү. Бүгүн талапкерлер кол койгон Жүрум-турум Кодекси таза жана ачык шайлоо өткөрүүгө өз салымын кошот. Ошондой эле, кыргыз элине өздөрү ылайыктуу жана ишенимдүү деп эсептеген талапкерине добуш берүүгө мүмкүнчүлүк түзөт”.
Кыргыз Республикасынын Президенттик Администрациянын башчысы Эмилбек Каптагаев мындай деди: “ Жүрүм-турум Кодексине кол коюу символикалык мааниге ээ., Бизде мамлекеттик башкарууну калыптандырууга жана президенттик бийликти мыйзам чегинде өткөрүп берүүгө мүмкүнчүлүгүбүз бар. Кодекске кол койгон президенттикке талапкерлер эл жана мамлекет алдында өздөрүнүн жоопкерчилигин сезгендигин демонстрациялоодо”.
“Саясый Партиялардын Парламенти” бейөкмөт уюмунун төрайымы Роза Акназарова мындай деп кошумчалады:” Жүрүм-турум Кодекси демократиялык принциптер жана эл аралык стандарттарга ылайык президенттик шайлоону таза жана ачык өткөрүүгө көмөктөшөт. Бул стабилдештирүүчү фактор болот. Анын ишке ашышы жарандык коом тарабынан көзөмөлдөнөт жана жалпыга маалымдоочу каражаттар аркылуу маалымдалат”.
“Жүрүм-турум Кодексине” Кыргыз Республикасынын президенттигине ат салышкан башка талапкерлер кол койгонго мүмкүнчүлүгү бар.