ЕККУ Борбору Кыргызстандын түзөтүү мекемелеринин кызматкерлеринин Латвия жана Финляндияга болгон жаза аткаруу сисчтемасындагы реформа менен тааныштыруу визитин колдойт
2011-жылдын 21 августунан 27-августуна чейин Кыргызстандын түзөтүү мекемелеринин кызматкерлерине арналган Латвия жана Финляндияда жаза аткаруу системасындагы реформа жүргүзүү боюнча тааныштыруу айлампасы болду. Бул окутуу ЕККУнун Бишкектеги борборунун жана Финляндиянын ЕККУдагы Туруктуу өкүлчүлүгүнүн колдоосу менен уюштурулду.
Бул визитте тажрыйбалар менен алмашууга мүмкүнчүлүк түзүлдү. Ошондой эле өмүр бою кесилген абакчыларды дарылоо, коррупцияны кыскартуу жана жарандык коом менен кызматташуу сыяктуу эң мыкты эл аралык тажрыйбалар менен таанышышты. Аталган делегация эки өлкөдөгү абактардын борбордук администрацияларында жана ар түрдүү түзөтүү мекемелеринде болушту. Мындан сырткары, алар түзөтүү мекемелеринде эркин мониторинг жүргүзүү боюнча иш алып барган бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү, пенитенциардык реформа жана мыйзамдын сакталышын көзөмөлдөгөн эксперттер жана Латвиядагы Акыйкатчынын борборунун кызматкерлери менен жолугушту.
ЕККУнун Бишкектеги борборунун башчысы, элчи Эндрью Тесорьер мындай деди:“Бул визиттин мааниси эки жолдуу. Биринчиден, Кыргызстандын түрмөлөрүнүн башчыларына Европадагы эки мамлекеттин башкаруу боюнча тажрыйбаларын үйрөнүүгө жардам берет. Экинчиден, Европа бирлигинин кызматкерлерине Кыргызстандын жаза аткаруу системасынын алдында турган маселелерди баалоого мүмкүнчүлүк берет. Бул түзүлгөн эки мүмкүнчүлүк 2008-жылдан бери ЕККУнун Бишкектеги борбору колдоп келе жаткан түрмөлөрдөгү системаны практика жүзүндө жакшыртууга негиз түзөт”.
Жаза аткаруу системасынын башчысынын орун басары Калыбек Качканалиев мындай деп кошумчалады:”Бул визитте бизге Европа Бирлигине кирген мамлекеттердин ийгиликтүү тажрыйбаларын үйрөнүүгө жана келечекте аны Кыргызстанда колдонууга өзгөчө мүмкүнчүлүк түзүлдү. Ошондой эле, бизге өзүбүздүн тажрыйбабыз менен бөлүшүүгө жана кызматташууга, мындан ары дагы биздин жаза аткаруу мекемелерибиздин ортосунда бирге иш алып барууга шарт түзүлдү”.
Финляндиянын ЕККУдагы Туруктуу өкүлчүлүгү бул визитти Кыргызстандагы жаза аткаруу системасындагы мыйзамдын сакталышына көмөктөшүү демилгесинин бир бөлүгү катары каржылады.