ЕККУ борбору Кыргызстандагы Президенттик шайлоонун алдындагы диалогун колдойт
Бишкек, 16-август 2011-жыл – Бүгүн 2011-жылдын 30-октябрына белгиленген Президенттик шайлоону калыс, ачык жана коопсуз өткөрүүнүн жолдорун талкуулоо үчүн Президенттин Аппаратынын башчысы, Парламент өкүлдөрү, жогорку мамлекеттик бийликтин өкүлдөрү, саясий партиялардын өкүлдөрү, эксперттер, жарандык коомдун жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү жолугушту.
Бул жолугушуу “Саясий партиялардын парламенти” бейөкмөт уюму жана “Тилектештик-Солидарность” жарандык кыймылы, ошондой эле ЕККУнун Бишкектеги борбору, Улуттук демократиялык институт жана Эл аралык Республикалык Институт тарабынан уюшулду. “Саясий партиялардын парламенти” - ЕККУ колдогон форум. Бул форум бүт саясий спектрдин партияларынын өкүлдөрүнө арналган. Ал мыйзам чыгаруу, партиянын өнүгүүсү жана шайлоочулардын ортосундагы мамиле сыяктуу иштер боюнча иш алып барат.
ЕККУнун Бишкектеги борборунун башчысынын орун басары Лилиан Дарий мындай деди: “Алдыдагы президенттик шайлоо өткөн жылдын апрелинен бери мамлекеттин турукташтыруу жана демократизациялоо боюнча иш аракеттеринин негизги элементи болуп эсептелет. ЕККУ башка эл аралык жана жергиликтүү партнерлор менен биргеликте шайлоонун жүрүшүн колдойт, себеби улуттук мыйзам чыгарууда эл аралык стандарттардын байкалуусуна кепилдик берүүгө жардам берет”.
Президенттин аппаратынын башчысы Эмилбек Каптагаев мындай деди:” Биринчи жолу мамлекетибиз ачык, таза Президенттик шайлоо өткөрγγгө мγмкγнчγлγк алды. Бул тарыхый мааниге ээ.Өткөөл мезгил аягына келип калганга байланыштуу, бул мезгил ийгиликтγγ өтγп кетишине кызыкдарбыз. Бγгγнкγ форумдун темасы абдан актуалдуу. Биз талапкерлерге карата тизмек тγзγшγбγз керек. Бул талаптарды ачык айтканда гана шайлоо таза өтөт”.
“Саясий партиялардын парламенти” бейөкмөт уюмунун төрайымы Роза Акназарова мындай деп белгиледи: “ Президенттик шайлоо Кыргыз Республикасынын мыйзамынын чегинде өткөрүлүшү керек. Бардык талапкерлер калыс жана таза шайлоо өткөрүү үчүн Жүрүм-турум Кодексине кол коюшу керек, себеби, бул мамлекеттин стабилдүүлүгүнүн негизги фактору болуп эсептелет”.
Бул жолугушуу плюралистик талкуу жүргүзүү жана консенсуска жетүү үчүн ЕККУ борборунун Кыргызстандагы партиялардын ортосундагы саясий диалогго платформа түзүү үчүн арналган иш аракеттеринин бири болуп эсептелет.