ЕККУ борбору Кыргызстандын мектептеринде жана университеттеринде сууну рационалдуу колдоонууга көмөктөшөт
БИШКЕК, 5-август 2011-жыл - Бишкектеги 14 мектепте жана университтерде суу эсептегичтер орнотулду. Бул суу эсептегичтер ЕККУ борбору менен Борбордук Азиядагы Аймактык экологиялык борбордун Кыргызстандагы филиалынын (БААЭБ) биргелешкен демилгесинин негизинде тартыш суу ресурстарын колдонууну жогорулатууга орнотулду.
Мектептер жана университеттер аталган суу эсептегичтерди сууну колдонууну көзөмөлдөөгө жана мындан ары сууну рационалдуу колдонууга пландарды иштеп чыгуу үчун колдонушат. Сууну рационалдуу колдонуу боюнча чогулган маалыматтар сабактарда практикалык мисалы катары колдонулмакчы. Таза суусу жок бир нече мектептер жана университтер суу чыпкалар(фильтр) менен жабдылат. Буга кошумча 6 мектеп 2011-жылдын аягында ушундай чыпкалар менен жабдылат.
ЕККУнун Бишкектеги борборунун башчысынын орун басары Лилиан Дарий мындай деди: “ Суу аймактагы эң баалуу ресурс болуп эсептелинет. ЕККУ борбору суу ресуртарын башкаруунун эң мыкты практикасына жана ичүүчү таза суунун сапатын көзөмөлдөөгө көмөктөшөт. Бул демилгеге катышып жаткан жаштар, сууну рационалдуу колдонууну жакшыртуу боюнча алган тажрыйбасын өздөрүнүн коомуна үйрөтүүгө мүмкүнчүлүк алышат”.
БААЭБдин Кыргызстандагы филиалынын башчысы Азамат Кудайбергенов мындай деди: “Бул демилгенин максаты Кыргызстандын университеттеринде жана мектептеринде суу ресурстарынын коопсуздугу боюнча маселелерди чечүү жана жаштарды өздөрүнүн коомунда суу ресурстарын интегративдүү башкарууга шыктандыруу болуп эсептелет. Мектептердеги сууну натыйжалуу колдонуу боюнча иштердин жүзөгө ашышы жаштарды өз коомунда үлгү кылат жана үнөмдөө стратегиясынын артыкчылыктарын көргөзөт”.
Окуу жайлардагы сууну рационалдуу колдонуу боюнча дүйнөлүк практиканын презентациялары жана мугалимдерге арналган семинарлар 2011-жылдын күз мезгилине пландалууда.