ЕККУ борбору Кыргызстандагы медиаторлорго тренинг өткөрγγнγ колдойт.
9-июлда Бишкектен алыс эмес жайгашкан Кашка-Суу пансионатында Кыргызстандын тγндγк райондорунун 5 тобунун активисттерине жана лидерлерине ортомчулук жөндөмдөрдγ жогорулатуу боюнча γйрөтγγчγ курстары башталды. Бул тренинг ЕККУнун жана “ Балдардын укуктарын коргоо лигасы” коомдук уюмунун колдоосу менен өттү.
Украинадан келген эксперттер 4-кγндγк тренингде кырктан ашык катышуучуларга ортомчулук жөндөмдөрдγ жогорулатууну γйрөтγшөт. Бул курстардын негизги темасы болуп келише албастык, бейпилдикти орнотуу, география жаңжалдары жана
ортомчулук жөндөмдөрдγ жогорулатуу, ошондой эле келише албаган учурлардагы мγнөздөмөлөргө жараша жөнгө салуунун ыкмаларын тандоо жана адамдардын топторунун жана социалдык байланыштардын ролу эсептелет.
Бул курстун негизги максаты - катышуучулардын алар жашаган беш топтогу келише албаган убактарда дараметин жөнгө салууга керектγγ жөндөмγн жогорулатуу болуп эсептелет. Кγзγндө медиаторлор жогорку деңгээлдеги тренингге катышышат. Ал тренингдин жγрγшγндө өздөрγнγн тобунда келип чыккан маселелерди талкууга алуу каралууда.
Бул окутуу курсу ЕККУнун Бишкектеги борборунун Кыргызстандын тγндγк райондорундагы улуттар аралык мамилени жакшыртуу боюнча ишинин алкагында уюшулду.