ЕККУ борбору ИИМдин Академиясына этникалык топтор аралык маселелерди чечγγнγ γйрөтγγгө жардам берγγдө.
Бишкек, 4-июль 2011-жыл - Бγгγн Бишкекте ИИМдин Академиясынын окутуучуларына ЕККУ борборунун колдоосу астында өтγγчγ этникалык топтор аралык маселелерди чечуудо коомдогу милициянын иши боюнча окутуу бутту..
ЕККУнун Бишкектеги борборунун колдоосу менен өткөн18 окутуучуга арналган 4 кγндγк окутууга Социалдык Технологиялар Агенттигинен эксперттер катышты. Бул окутуу ИИМ Академиясынын ЕККУ борборунун колдоосу астындагы иштелип чыккан жаңы окуу планына арналган. Бул план мульти-этникалык чөйрөдөгγ милициянын ишине арналган.
Жаны окуу планы томонку темаларды озуно камтыйт: коп улуттуу коомдо укук коргоо органдарынын ишинде мыйзамдык база, улуттук азчылыктардын укугун коргоодо эл аралык стандарттар, Кыргыз Республикасынын этникалык саясаты, улуттар аралык чыр-чатактардын алдын алуу жана этникалые жек корууго негизделген кылмыштардын озгочолуктору. Натыйжада, мугалимдер оздору алып барган предметтердин программасына киргизуу учун тиешелуу рекомендацияларды алышты.
ЕККУнун Бишкектеги борборунун башчысы, элчи Эндрю Тесорьер мындай деди: «Башка өлкөлөрдөгγдөй эле, Кыргызстандын милициясы мульти-этникалык коомго кызмат кылат. Ошондуктан, милиция кызматкерлери ар тγрдγγ чөйрөдө иштегенге жөндөмдγγ болуш керек. Жаңы окуу планы жана окутуу- ИИМдин Академиясына ушул негизги ыкмаларды γйрөтγγгө арналган».
ИИМ Академиясынын окуу бөлγмγнγн башчысынын орун басары Аслан Кулбаев мындай деп кошумчалады: «Атайын ички-этникалык жагдайларга арналган милициянын иши, ИИМдин Академиясынын курсанттарынын Кыргызстандын мульти-этникалык коомдун маселелерин кароодо маанилγγ болуп эсептелет. Бул окутуу, Академиянын мугалимдерине келечектеги милиция кызматкерлерине аталган аймак боюнча эмнени γйрөтγγ керектигин окутууга жардам берет».
Жаңы окуу планы 2011-жылдын сентябрында тааныштырылат.