ЕККУ кварталдык милициянын ишин жакшыртуу максатында ИИМге автоунаада жылып жүрүүчү кабылдама тартуулады.
Бишкек, 8-июль 2011-жыл – Бγгγн ЕККУнун Бишкектеги борборунун Милицияны Реформалоо Программасынын алкагында «Коомдук коопсуздук демилгеси» долбоорунун негизинде ИИМге 12 мини автобусту тартуулады.
Мини автобустар Кыргызстандын 10 районундагы укук коргоо бөлγмдөрγндө жылып жүрүүчү коомдук кабылдама катары кызмат кылуу γчγн тартууланды. Дөңгөлөктөгү коомдук кабылдамаларды ЕККУнун Кыргызстандагы «Коомдук коопсуздук демилгеси» долбоору аягына чыккычакты кγйγγчγ май менен камсыз кылат жана техникалык колдоо көргөзөт.
Май айында жергиликтγγ 260 милиция кызматкерлерине Ички Иштер Министрлиги жана ЕККУнун колдоосу менен биргеликте жылып жүрүүчү коомдук кабылдаманы колдонуу жана алардын жергиликтγγ коом менен иштешγγдөгγ жөндөмγн жогорулатуу γчγн окутуу болгон. Унаалар милициянын кызматын коомго көрсөтγγ γчγн, өзгөчө милицияга ишеними аз болгон ймактарга алынган. Алар ишеним жана кγтγγсγз кырдаалдардагы чалууларды 162 номуру аркылуу кабыл ала алышат. Аял жана эркек милиция кызматкерлери гендердик тең, толук ишеним көрсөтγγ γчγн дөңгөлөктөгү коомдук кабылдамада иш алып барышмакчы.
Тапшыруу аземинде ЕККУнун Бишкектеги борборунун башчысы , элчи Эндрю Тесорьер мындай деди: « Эң жакшы натыйжа- коопсуздуктун бийик деңгээлине жетγγ γчγн адамдар жана милиция сγйлөшγп, биргеликте иштеши керек. Бул «Коомдук коопсуздук демилгеси» долбоорунун негизги маселеси болуп эсептелет жана бийик деңгээлге жетγγ γчγн дөңгөлөктөгү коомдук кабылдаманын бирдиктерин тааныштыруу бул маселелерди чечγγдөгγ негизги ыкма болуп эсептелет. ЕККУ борбору жана Ички иштер министрлиги бул кабылдама бөлγмдөрγ жөнγндөгγ тажрыйбалар жана сунуштар жөнγндө угууга даяр.»
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин биринчи орун басары Бактыбек Алымбеков мындай деди: Долбоордо каралган алгылыктуу багыттар боюнча алдыга жылууга « Коомдук коопсуздук демилгеси» жардам берет. Автоунаада жылып жγрγγчγ кабылдама укук коргоо органдары менен коомдун ортосундагы тыгыз байланышка көмөк көргөзөт жана милиция кызматкерлерине тез жγрγп, жарандардын арыздарын жана кайрылууларын ыкчам кабыл алып, кайра жооп берγγгө жардам берет.
Дөңгөлөктөгү коомдук кабылдаманын максаты - жарандардын милицияга болгон жеткиликтγγлγгγ. Ошондой эле «Коомдук коопсуздук демилгеси» долбоорунун негизги максаты болуп милиция менен коомчулуктун ортосундагы ишенимди бекемдөө γчγн мγмкγнчγлγк тγзγγ болуп эсептелет.