ЕККУ борбору Парламентте талкуулануучу ички иштер органдарын реформалоо боюнча концепцияны колдоодо
Бишкек, 27-июня 2011-жыл – Бγгγн ЕККУнун Бишкектеги борборунун колдоосу менен Парламентте ички иштер органдарын реформалоо концепциясынын 2011-2015 жылга болгон долбоору талкууланды.
Бул талкууга парламент мγчөлөрγ, ИИМдин жана башка укук коргоо органдарынын кызматкерлери, бейөкмөт уюмдардын, жалпыга маалымдоо каражаттарынын, көзөмөлдөө структураларынын, саясий партиялардын жана эл аралык уюмдардын өкγлдөрγ катышты.
ЕККУнун Бишкектеги борборунун башчысы, элчи Эндрю Тесороьер мындай деди: « Бул жолугушуу жалпы улуттук деңгээлдеги масштабдык кеңеш процессинин бир бөлγгγ болуп эсептелет, натыйжада ички иштер органдарын реформалоо концепциясы иштелип чыгат.Ушундай талкууларды өткөрγγ менен, Парламент реформа жγргγзγγнγн маанисин аныктоодо жана өткөрγлγшγн көзөмөлдөөдө негизги ролду ойной алат. Ички иштер органдарын реформалоо- бγткγл соттук-кылмыш системасын кайра тγзγγнγн толук бөлγгγ болуш керек».
Кыргыз Республикасынын Вице Премьер-Министри, Шамиль Атаханов мындай деп белгиледи: « Өкмөт ИИМдин жана жарандык коомдун реформалоо процессин улантуусун колдойт. Бул реформа бардык укук-коргоо органдары, өкмөт жана парламенттин кызматташуусу менен ийгиликтγγ өтө алат. Талкуулар бул татаал иштеги биринчи кадам болуп эсептелет, анткени тажрыйба, билим жана административдик ыкмаларды алмашуу γчγн бардык катышуучуларды тартуу керек».
Парламенттин мγчөсγ жана «Саясий партиялардын Парламенти» бейөкмөт уюмунун башчысы, Роза Акназарова мындай деп кошумчалады: « Реформалоо процесси натыйжалуу өтγш γчγн, укук-коргоо ишмердиги жөнγндөгγ мыйзамды талдоо керек. Ички Иштер органдарын реформалоо процессин өткөрγγдө, Парламент жардам берγγгө даяр экендигин билдирди».