ЕККУ Кыргызстандын Тγштγк чек арадасындагы соода – сатык алакалары боюнча талкууну колдойт
Кыргызстан, ОШ, 23-июнь, 2011-жыл.- Бγгγн ЕККУнун Бишкектеги борбору тарабынан уюштурулган тегерек столдо Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы чек ара соода-сатык алакаларын жакшыртуу боюнча талкуу болду.
Талкууга мамлекеттик органдардын өкγлдөрγ, айыл өкмөттөр, бизнес ассоциациялар жана эл аралык уюмдар деңизге чыгууга мγмкγнчγлγгγ жок Кыргызстандын чек ара соода- сатык алакаларынын маанилγγлγгγн талкуулоо γчγн чогулушту. Товарлардын тоскоолдуксуз агымы жана тейлөө, Кыргызстандын туруктуу социалдык жана экономикалык өнγгγγсγнө, ошондой эле ички-этникалык байланыштарды кγчөтγγдө маанилγγ болуп эсептелет.
ЕККУнун Бишкектеги борборунун башчысы, элчи Эндрю Тесорьер мындай деди: «Мыйзам чегинде жана ачык соода – сатык жγргγзγγ экономикага, саясатка жана маданиятка салым кошот жана аймактагы элдин ич ара ишенимин кγчөтγγгө мγмкγнчγлγк берет. Соода-сатык тоскоолдуктарын жоюу- Борбор Азия элдеринин чек ара кызматташтыгын мындан ары өнγктγрγγдөгγ маанилγγ фактор болуп эсептелет».
Эл аралык Бизнес Кенешинин директорунун милдетин аткаруучу, ушул талкууну уюштурууга жардам берген Актилек Тγнгатаров мындай деп кошумчалады: «Кыргызстандагы соода-сатык Республиканын Тγштγгγндөгγ абдан маанилγγ көйгөй. Кыргызстандын соода-сатык боюнча шериктери болуп Кытай, Россия, Казахстан, Өзбекстан, жана Тажикстан эсептелет. Биз шериктештерибиз менен иш байланыштарыбызды илгерилетγγнγ каалайбыз, себеби товарлардын агымынын өсγшγ, социалдык жана саясий стабилдγγлγктγн көрсөткγчγ жана эл арасындагы жакшы кабар болуп эсептелет».
Катышуучулар сооданын логистикалык борборун куруу, кайдыгерсиз төлөмдөрдγ мыйзамдаштыруу жана чек ара соода-сатык алакаларынын оптималдуу шарттарын иштеп чыгуу γчγн Тγштγктөгγ соода-сатык боюнча шериктештер менен мындан ары сγйлөшγγлөрдγ жγргγзγγгө чакыруу сунуштарын кабыл алышты.