ЕККУ Борбору милицияны реформалоо концепциясы жөнүндөгү талкуууну колдойт
БИШКЕК, 15-июнь 2011-жыл.- Бүгүн Кыргыз Республикасынын Ички Иштер Министрлиги (ИИМ) ЕККУнун Бишкектеги борборунун колдоосу менен Кыргызстан 2011-2015ж. милицияны реформалоо концепциясы жөнүндөгү долбоор боюнча жарандык коомдук уюмдар менен ачык талкуу жүргүздү.
Бул талкууга милициянын өкүлдөрү, мамлекеттик эмес уюмдар, жалпыга маалымдоочу жана жарандык көзөмөлдөө институттары, ошондой эле Өкмөттүн өкүлдөрү, саясий партиялар жана эл-аралык уюмдардын өкүлдөрү катышты.
ЕККУнун Бишкектеги борборунун башчысы, элчи Эндрю Тесорьер, мындай деди: «Кыргызстандагы жаңы бийлик милицияны жана кылмыш иликтоо системасын реформалоого милдеттеме алган. Алардын максаты коомдун коопсуздук боюнча муктаждыктарын толук эске алуу менен, милиция кызматын көргөзүү болуп эсептелинет. ЕККУ бул бүткүл кеңеш процессин жана өзгөчө милиция ишинин эффективдүүлүгүн арттыруу, жүрүм-турум стандарттарын жана мамлекет ичиндеги коррупцияны, ошондой эле иш абалынан кыянат кылууну кыскартууга колдоо көргөзөт».
Ички Иштер Министринин орун басары Женишбек Жакыпов мындай деди: «Бул реформаны ишке ашырууда ИИМ менен жарандык коомдун кызматташуусу маанилүү. Милициянын стратегиясын аныктоочу үч маселе бар – бул ресурстар жана чыгашалардын өлчөмү, бийликтегилердин саясий эрки жана жарандык коомдун өзгөрүүлөрдү кабыл алууга болгон даярдыгы».
Укук коргоочу Динара Ошурахунова: «Төңкөрүштөрдү алдын алуу үчүн реформалоо ишке ашуусу керек. Жарандык коом милициянын укуктарын коргоо жана эффективдүү иш алып барууга өбөлгө түзүү үчүн милицияга жардам берүүгө даяр», деди.
Мындай талкуулар Кыргызстандын бардык жети облусунда болду. Бул талкуудан келип чыккан ойлор милицияны реформалоо концепциясына карата рекомендацияларга айланат. Ал еркомендациялар милицияны реформалоону андан ары кайндай кадамдар менен алып кетүүгө конкреттүү доркумент иштеп чыгууга жардам берет. Бул талкуунун жыйынтыгы Өкмөттүн жана жарандык коомдун катышуусу менен өтүүчү Улуттук Форумда сунушталат.