Эксперттер Кыргыз сотунун эркиндигин бекемдөөнү ЕККУ уюштурган жолугушууда талкуулашат
БИШКЕК, 20-апрель 2011 ж. – Бүгүн Бишкекте Кыргызстандын сот системасынын эркиндигин бекемдөө жолдорун аныктоо максатында жолугуу болуп жатат. Ал ишмердүүлүк ЕККУнун Демократиялык Институт жана Адам Укуктары Офиси (БДИПЧ ОБСЕ), ЕККУнун Бишкектеги борбору жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Соту тарабынан уюштурулган.
Бул жолугушуу Демократиялык Институт жана Адам Укуктары Офисинин Бишкек жана Ош шаарларына 2011-жылдын март айындагы муктаждыктарды карап чыгуу сапарынын жыйынтыктарынын негизинде өткөрүлүп жатат. Бул иш-чарада кыргыз жана эл аралык эксперттер чогулушуп, болуп жаткан реформаларды талкуулашат жана Киевдеги өткөн Сот Эркиндиги Конференциянын рекомендациялары менен таанышышат. Бул Конференциянын жыйынтыктары 2010-жылдын июнунда Демократиялык Институт жана Адам Укуктары Офиси жана Германиялык Макс Планк Институту катарынан чогултулган эксперттер менен макулдашылган. Алардын максаты ЕККУга катышкан мамлекеттердин сот системасынын эркиндигин бекемдөө болгон.
ЕКУУнун Бишкектеги Борборунун башчысы, элчи Эндрю Тесорьер мындай деди: «Кыргызстандагы азыркы учурда жүрүп жаткан жана пландаштырылган мыйзамдарды өзгөртүүлөр боюнча бүгүнкү талкуу эң туура убакытта өтүп жатат деп эсептейм. Бүгүнкү тегерек үстөл маселелерди жана мүмкүнчүлүктөрдү талкуулоого баалуу платформа болду. Мындан тышкары сот жана соттун эркиндиги боюнча Конституцияга жаңы өзгөртүүлөрдү практикалык жагынан ишке ашыруу көйгөйлөрүн да талкуу кылышты. Ошондой эле, бул жолугушуу БДИПЧ эксперттерине Киев конференциясынын Рекомендацияларын сотту реформалоо талкуулоосуна коюуга жакшы шарт болот».
Карстен Вебер, Демократиялык Институт жана Адам Укуктары Офисинин Мыйзамдын улуктугу бөлүмүнүн жетекчиси, Киев конференциясынын Рекомендациялары Кыргыз мамлекеттик кызматкерлерине жаңы сот системасын түзүүгө жардам бере аларын айтып кетти. «Жаңы Конституциянын сот системасына тиешелүү жоболор абдан заманбап. Киев конференциясынын Рекомендациялары Кыргызстандагы Конституциялык жоболорду ишке арышууга жардам бере алат», деп айтты ал.
Жогорку Соттун төрагасы, Феруза Джамашева: «Мен мыйзам чыгаруучу жана аткаруучу бийлиги, жарандык коом жана эл аралык уюмдар сот системасын реформалоо процессинде маанилүү роль ойнооруна ишенем жана бул иш-чаралар алардын активдүү катышуусу менен өтүшү керек. Бул структуралардын өкүлдөрүнүн бүгүнкү тегерек үстөлгө катышып жатканы баарыбыздын сот эркиндигин бекемдөөсүнүн маанилүүлүгүнө көнүл бурганыбызды билдирет. Биргелештикте биз жакшы жыйынтыктарга келебиз», деп айтты ал.