ЕККУ борбору Кыргызстандагы участкалык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнө окутуу өткөрүүнү колдойт
БИШКЕК, 15-апрель 2011 ж. – Бүгүн Кыргызстандын үч облусунда ЕККУ колдогон участкалык шайлоо комиссияларынын (УШК) мүчөлөрүнө арналган бир катар тренингдер аягына чыкты. Бул тренингдер Кыргызстандын 17-апрелинде келе жаткан жергиликтүү шайлоого арналган.
Бул окутуу ЕККУнун Бишкектеги Борбору жана Борбордук шайлоо комиссиясынынын (БШК) алдындагы Шайлоо технологиялары борбору катарынан уюштурулган. Бир аптанын ичинде, жакында Ош, Баткен жана Талас облусундагы 13 айылдык кеңешинде өтө турган шайлоого арналган жана түзүлгөн 42 участкалык шайлоо комиссиясынын 460 мүчөсү окутулган.
«Жергиликтүү шайлоого катышкан участкалык шайлоо комиссиялардын мүчөлөрүнө арналган шайлоо боюнча окутуу абдан керектүү, мунун кереги келе жаткан президенттик шайлоонун астында дагы маанилүү», дедиЛилиан Дарий, ЕККУнун Бишкектеги борборунун башчысынын орун басары. ЕККУнун жардамы менен УШКнын мүчөлөрү бирдиктүүлүк жана ачык шайлоо өткөрүүгө даярдык алды, шайлоо ситемасы жөнүндө, шайлоочулардын тизмесин жүргүзүү, шайлоо комиссиянын өкүлдөрүнүн укуктары жана милдеттери, УШКнын шайлоого чейин, шайлоодон кийин жана шайлоо күнүндөгү ролу, жабуу процедуралары, эсептөө жана жыйынтыктоо протоколдорду толтуруу боюнча маалымдалды.
Акылбек Сариев, БШКнын башчысы, мындай деп айтты: «Шайлоо комиссиялардын эффективдүү иштеши ачык, акыйкаттуу жана демократиялык шайлоо өткөрүүгө чоң салым кошот; бул комиссиядагы мүчөлөрдүн квалификациясына өтө терең байланыштуу».
Мындай тренингтер ЕККУнун Кыргызстанга шайлоо системасын жакшыртуу максатында жардамынын бир бөлүгү катары өткөрүлүп жатат жана шайлоолорду ЕККУнун милдеттенмелери жана эл аралык стандарттары боюнча өткөрүүгө арналган.