ЕККУнуy Бишкектеги борбору өкмөт менен журналисттердин ортосунда коммуникацияны жакшыртууну колдойт
БИШКЕК, 8 апрель 2011 ж.– Бүгүн Бишкекте Кыргыз өкмөтүнүн жана жалпы маалымат каржаттарынын 50 гө жакын өкүлү жолугушуп, өздөрүнүн ортосундагы коммуникацияны жакшыртуунун жолдорун талкуулашты.
Бул өкмөт менен жалпы маалымат каражаттарынын (ЖМК) ортосундагы диалогду өркүндөтүүгө багытталган иш-аракет. Аны өкмөттүн пресс кызматы уюштуруп жана алып барып, ЕККУнун Бишкектеги борбору каржылады.
Элчи Эндрью Тесорьер, ЕККУнун Бишкекетгеги борборунун башчысы, мындай деди: “ЕККУ бийликтин элге жана жалпы маалымат каражаттарына ачык болуусун колдойт. Мындай баарлашуу мамлекеттик кызматчылар менен журналисттердин орстосундагы ишеничти бекемдейт. Ал коммуникация бир гана кризистик абалдарда эмес, стабилдүү кезде да чогуу иштөөгө жол ачат.”
Өкмөттүн пресс кызматынын башчысы Кадыр Токтогулов мындай деди: “Өкмөт менен журналисттердин ортосундагы жолугушуу тунук жана жоопкерчиликтүү башкаруу системасын түзүүгө жол ачып берет.”
Бул иш-аракет ЕККУ борборунун өлкөдөгү коммуникациянын агымын жакшыртууга арналган. Былтыркы жылы сентябр айында ЕККУ тарабынан пресс секректарлар үчүн тренинг уюштурулган болчу. Ал эми кийинки кадам – бул өкмөттүн пресс кызмат өкүлдөрү жана эл аралык уюмдун өкүлдөрүнүн орстосунда жолугушуу жана кийинки иш-аракеттерди аныктоо.