ЕККУ борбору Кыргызстандын түштүгүндө калкка маалымат камсыз кылууну каржылайт
ОШ, Кыргызстан, 5-апрель 2011-ж. – Бугун Ошто Кыргызстандын түштүк жергесинде жашаган калкка ишеничтүү маалымат камсыз кылуу боюнча пресс конференция болуп өттү. Ал маалымат долбоорду ЕККУнун Бишкектеги борбору колдоп жатат.
Маалымат баракча кыргыз, өзбек жана орус тилдеринде чыгып, бул долбоорду «Журналисттер» коомдук бирикмеси алып барат. Бул иш-аракетте Америка Кошмо Штаттарынын Өнүктүрүү Агенствосу (USAID) өнөктөш болуп катышат. Иштин максаттарынын бири – Кыргызстандын өкмөтүнө болгон ишенимди бекемдеп, элге конфликттен кийинки тынчтыкты куруу аракеттерине ишенимди чыңдоо.
«Үйүнузгө тынчтык» деген баракча-бюллетень, коомдук маалыматты камтыйт; анын ичинде үй куруу, мектепке баруу, коомдук коопсуздук, жана башка күнүмдүк суроолор чагылдырылат. Ал үйлөргө жана базар, автобустарда жана аялдамаларда таратылат. Бул иш-аракет былтыркы жылы да октябрдан декабрга чейин чыккан жана 7,000 экземпляр менен жума сайын чыгып турган.
Элчи Тесорьер, ЕККУ Борборунун Бишкектеги башчысы, мындай деди: «Бул калктын муктаждыгын көздөгөн долбоор болуп эсептелет; бул долбоордун баштапкы ою - өкмөттүн эл менен болгон баарлашуусун колдоо, ошону менен бирге – элдин арасында ишеним жана стабилдүүлүктү калыбына келтирүү болуп эсептелет.”
Маалыматты чыгарууда эки журналист жана эки редактор, кыргыз жана өзбек улутунда барабар санда катышат. 4 миндей бекер тираж элге таратылат. Анын интернет версиясы www.aimaknews.kloop.kg сайтына чыгып турат.
“Өз убагында жана текшерилип чыккан маалмат – бул ушак-айыңдарга жана коркунучка каршы жакшы курал, өзгөчө бул Оштогу былтыркы тополоңдон кийинки учурда абдан маанилүү. Биздин журналисттик парзыбыз- бул стабилдүүлктү бекемдөөгө катышу. Биз аны өз убагында жана факттын негизинде алынган маалымат аркылуу элге берип аткарабыз,” деди марат Токоев, «Журналисттер» коомдук бирикмесинин башчысы.
Бул маалымат баракча ЕККУ борборунун Кыргызстандын түштүгүндө маалымат жана коммуникация вакуумду жоюу аракетинин бир бөлүгү болуп эсептелет.