ЕККУ Кыргызстандагы жарандык коомдун активистерине арналган адамдын укук коргоо абалын мониторинг жүргүзүү тренингин уюштурууда
БИШКЕК, 1-февраль 2011-жыл. – Бүгүн Бишкекте адам укуктарын көзөмөлдөө жаатында потенциалды көтөрүү боюнча үч күндүк окутуу тренинги башталды. Бул иш-чараны ЕККУнун Бишкектеги борбору жана менен ЕККУнун демократиялык институту жана адам укуктары бюросу уюштурган (БДИПЧ).
Тренингге Кыргызстандын ар аймактарынан келген жыйырма укук коргоочу катышып жатат. Бул иш-аракеттин максаты – укук коргоочулардын адам укугун бузулган учурларды н бетин ачуу жана мониторинг кылуу ыкмаларын жана билимин өстүрүү, отчет жазуу, жактоочу ишкердикке катышуу жана укук коргоочу органдар менен кызматташууну өнүктүрүү.
Лилиан Дарий, ЕККУнун Бишкектеги борборунун башчысынын орун басары, мындай деп белгиледи: «Бул иш-аракеттин жардамы менен кыргызстандык жарандык коом адам укуктарын сабаттуу жана объективдүү мониторинг кылуу боюнча ыкмаларды жана мүмкүнчүлүктөрү алат. Бул ишмердүүлүк адам укутарын мониторинг кылуу абалын көзөмөлдөөгө негиз болуп мамлекеттик уюмдарга адам укуктарын жана эркиндигин бузуу менен күрөшүүгө жардам берет».
Омер Фишер, ЕККУ БДИПЧтин кеңешчиси мындай деди: «Жарандык коом Кыргызстандагы адам укуктары чөйрөдөгү кыйын абалында өтө маанилүү ролду ойнойт. ЕККУнун демократиялык институту жана адам укуктары бюросу бул тренингди өткөрүү менен өлкөдөгү укук коргоочуларга жардам берип жатат».
Айгуль Матиева, Оштогу “Демократия жана Мыйзамды Өнүктүрүү” коомдук фондунун башчысы, бул тренинг укук коргоочуларга өзгөчө 2010-жылдагы июнь окуяларын караштырууда аябай туура деп айтты. «Июнь окуяларынан кийин менин жумушумда оор маселелер күндөн күнгө көбөйүп жатты. Аладр адамдардын тагдырларына түзмө-түз болуп жатты. Бизге адамга ырайымсыздык жана кыйноочулук көрсөтүлгөндөгө жөнөндө маалыматтар келгенде, биз кайсы мамлекеттик оргага кайрылууга жана ал органдын жообун алууга жетишпей калуудабыз. Ушул курс биздин жана жарандык коомдун өкүлдөрүнүн мүмкүнчүлүктөрүн көтөрүп, мамлекеттик органдар менен адам укуктары чөйрөсүндөгү милдеттенмелерди ишке ашыруу боюнча кызматташууну көтөрөөрүнө мен ишенем», деп айтты.