Ош шаарында ЕККУнун колдоосу менен Кыргызстандын укук коргоо органдарынын кызматкерлери үчүн банги затка байланыштуу кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча тренинг аяктады
ОШ, Кыргызстан, 21 октябрь 2016 жыл – Бүгүн Ош шаарында ЕККУнун Бишкектеги борборунун колдоосу менен уюштурулган Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдары үчүн мыйзамсыз банги затка байланыштуу кылмыштар менен күрөшүү боюнча эки күндүк окутуу курсу аяктады.
Литванын криминалдык полиция кызматынын эксперттери эл аралык мыйзамсыз банги затка байланыштуу кылмыштардын бетин ачуу жана тергөө боюнча укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин билимин жогорулатуу үчүн жана банги затка байланыштуу кылмыштарга каршы бирдиктүү күрөш жүргүзүп кызматташуу механизмдерин жакшыртуу тууралуу интенсивдүү практикалык тренинг өткөрүштү.
«Тренингтин негизги максаттары катышуучуларга банги зат кылмыштарынын бетин ачуу жана тергөө боюнча жаңы билим менен жөндөмдөрдү берүү, ошол эле учурда укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнө жалпы талкуу жүргүзүү үчүн өбөлгө түзүү болду», - деп белгиледи ЕККУнун Бишкектеги борборунун полиция иштери боюнча программасынын башчысы Павел Халашнюк.
Дал ошондой практикалык курс 2016 жылдын 17 жана 18 октябрда Бишкек шаарында болуп өттү. Тренингтин аягында өлкөнүн бардык аймактарынан келген 40-ка жакын Ички иштер министрлигинин, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин, Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын, Мамлекеттик чек ара жана Мамлекеттик бажы кызматтарынын өкүлдөрүнө сертификат тапшырылды.
Тренинг ЕККУнун Бишкектеги борборунун уюшулган кылмыштуулукка, мыйзамсыз банги зат менен байланыштуу кылмыштарга жана киберкылмыштуулукка каршы күрөшүү долбоорунун алкагында жүргүзүлдү. Литва эксперттеринин бул долбоордо катышуусу ЕККУнун Бишкектеги борбору жана Литва криминалдык полиция кызматынын ортосунда 2014-жылдын апрелинде кол коюлган келишимдин негизинде болуп өттү.