ЕККУ Кыргызстанда алдын алуу жана чыр чатактарды болтурбоо топторун түзүүгө жардам берүүдө
ЕККУнун Бишкекетеги Борбору жана Мамлекеттик чек ара кызматы Кыргызстандын чек ара аймактарында, түндүктө Талас шаарында 28 августта, түштүктө Ош шаарында 2015-жылдын 21 август күнү алдын алуу жана чыр чатактарды болтурбоо топторун ачышты.
Топтордун түзүлүшү маалымат алмашууну жакшыртуу максатында кыргыз чек арачылары менен жергиликтүү жамааттардын аракеттешүү механизмдерин өнүктүрүүгө багытталаган. Топтор жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдары, укук коргоо органдары жана аймактын туругдарынан түзүлөт. Алардын иш аткаруусун Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматы көзөмөлдөйт.
Топтордун кызмат баштоосу ЕККУнун Бишкекетеги Борборунун "Кыргыз өкмөтүнүн чек ара коопсуздугу жана чек ара башкаруу боюнча регионалдык кызматташтыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу" долбоорунун бөлүгү болуп, ведомстволор аралык кызматташтыкты чыңдоого багытталган.
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын Ош жана Жалал Абад областтары боюнча башкармалыктын зардалы полковник Куватбек Жеенбаев ушул биргелешкен долбоор жакшы жыйынтыктарды бергенин белгилеп кетти. Полковник Жеенбаев топтордун иши мамлекеттин чек арасын коргоого салым кошооруна ишеним билдирди.