Бишкектеги ЕККУ борбору Кылмыштуу кирешени мыйзамдаштырууга жана терроризмди каржылоого каршы туруу боюнча Евразиялык топтун семинарын өткөрүүнү колдойт
ЫССЫК-КОЛ, КЫРГЫЗСТАН, 22 Баш оона - Кыргызстанда, Ысык-Көлдө өткөрүлгөн мүчө-мамлекеттердин Евразия тобунун (ЕАТ) эксперт-баалоочулары жана талдоочулары үчүн акчаны адалдаштырууга жана терроризмди каржылоого каршы күрөшүү боюнча баалоо жол-жоболорун гармониялаштыруу боюнча беш күндүк семинар аяктады. Семинар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы жана ЕАТ менен биргеликте ЕККУнун Бишкектеги борбору тарабынан уюштурулган.
Семинар ЕАТка мүчө тогуз мамлекеттин ((Беларусь, Кытай, Индия, Казакстан, Кыргызстан, Россия, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстан) эксперттерин жана талдоочуларын кылмыштуу жол менен табылган кирешелерди адалдоого жана терроризмди каржылоого (КАК / ТК) каршы туруу боюнча улуттук системаларды акчаны адалдоого каршы күрөшүүнүн каржылык чараларын иштеп чыгуу боюнча эл аралык топтун (ФАТФ) сунуштамаларына шайкештигин өз ара баалоону өткөрүүгө даярдоого багытталган.
Иш-чарага ЕАТга мүчө мамлекеттердин финансылык чалгындоо кызматынын, юстиция министрлигинин, укук коргоо органдарынын жана Улуттук банктарынын 30га жакын өкүлү, ошондой эле Европа Кеңешинин өкүлдөрү катышты.
«Биз Кыргызстандын өкмөтүнө жеке жана мамлекеттик секторлордогу коррупцияга, акчаны адалдоого каршы күрөш жүргүзүүгө жана терроризмди каржылоо маселелерин чечүүгө жардам берүүгө күчүбүздү жумшайбыз ", - деди Джон МакГрегор, Бишкектеги ЕККУ Борборунун башчысынын милдетин аткаруучу. "Бизнес-сектордун ишмердүүлүгүн жөнгө салуучу ченемдик-укуктук базаны жакшыртуу, ошондой эле чет элдик инвестицияны тартып келүү үчүн атаандаштыкка туруштук берүүчү бизнес-чөйрөнү түзүү маанилүү».