Консультативдик механизмдин экинчи раунду ЕККУнун өкүлдөрүн жана улуттук өнөктөштөрдү биргелешип иштеп жаткан кызматташтыкты талкуулоо үчүн чогултту.
Бишкек, 2025-жылдын 10-октябры – ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсеси Консультативдик механизмдин экинчи раунду гибрид форматында – Новотел мейманканасында жана онлайн режиминде өткөрүлдү. Иш-чарага КР Тышкы иштер министрлигинин, мамлекеттик органдардын, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү жана өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр катышты.
ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин башчысы, Элчи Фолкер Фробарт мырза өзүнүн ачылыш сөзүндө ишенимди бекемдөө жана биргелешкен демилгелердин натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн ЕККУ менен улуттук өнөктөштөрдүн ортосундагы үзгүлтүксүз диалогду колдоонун маанилүүлүгүн белгиледи.
Консультативдик механизм ЕККУнун Программалык кеңсеси менен анын улуттук жана эл аралык өнөктөштөрүнүн ортосундагы стратегиялык өз ара аракеттенүү, маалымат алмашуу жана артыкчылыктарды тегиздөө үчүн негизги платформа катары кызмат кылат. Экинчи раунд 2025-жылдагы биргелешкен иштердин жыйынтыгын чыгарууга жана 2026-жылга карата кызматташуунун багыттарын аныктоого мүмкүнчүлүк түздү.
Жыйындын жүрүшүндө Программалык кеңсенин үч бөлүмү — аскердик-саясий, экономикалык-экологиялык жана адамдык өлчөм өз ишинин жыйынтыгын, учурдагы демилгелерин жана келерки жылга пландарын сунушташты. Аймактык коопсуздукту чыңдоого, мыйзам үстөмдүгүн бекемдөөгө, адам укуктарын коргоого, ошондой эле туруктуу социалдык-экономикалык өнүгүүгө жана гендердик теңчиликке өзгөчө көңүл бурулду.
Катышуучулар иш-аракеттерди координациялоонун жана өнөктөштүктү чыңдоонун эффективдүү куралы катары Консультативдик механизмдин маанилүүлүгүн белгилешти. Талкуунун жыйынтыгы Кыргыз Республикасында туруктуулукту, коопсуздукту жана туруктуу өнүгүүнү колдоо боюнча биргелешкен программаларды андан ары өнүктүрүүгө көмөктөшөт.