Жаңылыктар
News and press releases
ЕККУнун ишмердүүлүгү жөнүндө жаңылыктар жана пресс-релиздер
БУУ Коопсуздук Кеңешинин 1540 резолюциясына арналган Улуттук Жылдык Тегерек Столу Ысык-Көлдө өттү
Publishing date: 23 сентября 2025
Content type: News
Where we are: ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсеси
Бишкек, 2025-жылдын 25-сентябры – ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсеси ЕККУнун Секретариаты менен кызматташтыкта, БУУнун Куралсыздануу боюнча иштер башкармалыгы (UNODA) аркылуу ЕБ тарабынан каржылоосу менен жана Кыргыз Республикасынын Экономика жана соода министрлиги менен биргеликте БУУнун Коопсуздук Кеңешинин 1540 (2004) токтомун ишке ашыруу боюнча Улуттук жылдык тегерек столду өткөрдү. Иш-чара 2025-жылдын 16–19-сентябрында Ысык-Көл облусунда өттү. Тегерек стол ЕККУнун Бишкектеги программалык кеңсесинин «Жайылтпоо жана куралдарды көзөмөлдөө боюнча милдеттенмелерди ишке ашыруу үчүн улуттук мүмкүнчүлүктөрдү чыңдоо» долбоорунун алкагында уюштурулууда. Бул иш-чара Кыргыз Республикасы менен ЕККУнун ортосундагы өлкөнүн эл аралык милдеттенмелерине ылайык курал-жарактарды жайылтпоо жана контролдоо максаттарын алдыга жылдыруу боюнча көп жылдык өнөктөштүгүн баса белгилейт. Жогорку деңгээлдеги иш-чарага мамлекеттик мекемелердин өкүлдөрү, 1540-токтому боюнча ведомстволор аралык жумушчу топ, улуттук эксперттер жана эл аралык өнөктөштөр катышып жатышат. Талкуулар ведомстволор аралык координацияны күчөтүүгө, улуттук мыйзамдык жана ченемдик базаны жакшыртууга жана массалык кыргын салуучу куралдардын (МКК) жайылышына жол бербөө үчүн мекемелердин мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө багытталды. Катышуучулар учурдагы Улуттук аракеттер планынын (2022–2025-жж.) алкагындагы прогрессти карап чыгып, жетишкендиктерди жана кыйынчылыктарды талкуулап, кийинки этаптын (2026–2030-жж.) артыкчылыктарын аныкташты. Кеңири мааниде тегерек стол мыкты тажрыйбалар менен алмашуу, бар болгон боштуктарды баалоо жана Кыргызстандагы куралдарды жайылтпоо боюнча милдеттенмелерин аткарууда мындан аркы эл аралык колдоо мүмкүнчүлүктөрүн изилдөө үчүн платформа болду. Эксперттердин салымы баалуу эл аралык көз караштарды камсыздап, мыкты тажрыйбалар, алынган сабактар менен алмашууга жана БУУ Коопсуздук Кеңешинин 1540-токтому жана ага байланыштуу документтерди, анын ичинде Биологиялык жана токсиндик куралдарды тыюу салуу жөнүндө конвенцияны жана Химиялык куралдарга тыюу салуу жөнүндө конвенцияны ишке ашырууда кызматташууну кеңейтүүгө көмөктөштү. Түзүмдүү диалог аянтчасын камсыз кылуу аркылуу тегерек стол БУУ Коопсуздук Кеңешинин 1540-токтомун натыйжалуу ишке ашырууга жана Кыргыз Республикасы, ЕККУ жана эл аралык өнөктөштөрдүн региондук жана глобалдык коопсуздукка болгон биргелешкен аракеттерин бекемдөөгө салым кошту.
Программный офис ОБСЕ в Бишкеке содействует Пограничной службе ГКНБ КР в укреплении готовности к реагированию на взрывоопасные угрозы.
Publishing date: 11 сентября 2025
Content type: News
Where we are: ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсеси
ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсеси УКМКнын Чек ара кызматына жарылуучу буюмдарды зыянсыздандыруу боюнча даярдыкты жогорулатууда колдоо көрсөттү 2025-жылдын 25–29-август күндөрү ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсеси АКШ Элчилигинин колдоосу менен Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) Чек ара кызматынын он адиси үчүн Ош шаарындагы Окуу борборунда жарылуучу буюмдарды зыянсыздандыруу (EOD) боюнча атайын тренинг өткөрдү. Максат – эл аралык стандарттарга ылайык EOD-командалардын жарылуучу коркунучтарга коопсуз жана натыйжалуу жооп кайтаруу мүмкүнчүлүгүн жогорулатуу. Бул иш-чара «Кыргыз Республикасынын чек арасынан ок атуучу куралдарды, ок-дарыларды жана жарылуучу заттарды мыйзамсыз өткөрүүнүн тобокелдиктерин азайтуу» аттуу Окуу иш-чарасына катышуучулар бюджеттен тышкаркы долбоордун алкагында өткөрүлдү. Беш күндүн ичинде катышуучулар жаңы жабдууларды колдонуу жана жарылуучу буюмдарды зыянсыздандыруу боюнча теориялык жана практикалык көндүмдөрдү өздөштүрүштү. Практикалык машыгуулар аркылуу адистер алган билимдерин реалдуу шарттарга жакын кырдаалдарда колдонуп, талаа шарттарында иш алып баруу жөндөмүн бекемдешти. Бул тренинг УКМКнын Чек ара кызматынын эл аралык стандарттарга ылайык EOD-операцияларды жүргүзүүгө даярдыгын кыйла жогорулатты. Fondation Suisse de Déminage менен кызматташтыктагы кийинки окутуу 2025-жылдын экинчи жарымына пландалууда.
Д-р Фолькер Фробарт — ЕККУнун Бишкекетеги Программалык кеңсесинин жаңы жетекчиси болуп дайындалганын билдиребиз
Publishing date: 1 сентября 2025
Content type: News
Where we are: ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсеси
Бишкек, 2025-жылдын 1-сентябры — Бишкектеги ЕККУнун Программалык кеңсеси Германиядан келген д-р Фолькер Фробарттын Д-р Фолькер Фробарт — ЕККУнун Бишкекетеги Программалык кеңсесинин жаңы жетекчиси болуп дайындалганын билдиребиз. Д-р Фробарт эл аралык кызматташтыкта, дипломатия чөйрөсүндө жана коопсуздук маселелеринде жыйырма жылдан ашуун тажрыйбага ээ. 2021–2025-жылдары ал Ал буга чейин Астанадагы ЕККУнун Программалык кеңсесин жетектеп, ошондой эле ЕККУнун Грузия, Латвия, Таджикистан, жана Украина мамлекеттеринде жайгашкан миссияларында жетекчилик орундарын ээлеп келген. Анын бул аймактагы адистиги 2009–2021-жылдары Германиянын Эл аралык кызматташтык боюнча коомундагы (GIZ) жетекчилик кызматтарында иштеген учурунда да кеңейген. Ал мезгилде Кыргызстанда, Казакстанда жана башка коңшу өлкөлөрдө ар кандай долбоорлорду жетектеген. Мындан тышкары, д-р Фробарт Германиянын Гессен федералдык жеринин Экономика министрлигинде жетекчилик кызматтарды ээлеген. Ал жерде ал КМШ жана Балтия өлкөлөрү менен тышкы соода боюнча директор, ошондой эле Гессендин Берлиндеги өкүлчүлүгүндө Экономика, инфраструктура жана Европа иштеринин бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген. Ал Германиянын Киль университетинен саясий илимдер, Чыгыш Европанын тарыхы, мамлекеттик укук жана Чыгыш Европанын укугу боюнча магистр жана докторлук даражасына ээ. Немис, англис жана орус тилдерин эркин билет. Д-р Фробарттын Борбор Азияны терең түшүнүүсү жана дипломатиялык тажрыйбасы Кыргызстанда ОБСЕнин коопсуздукту, жакшы башкарууну, айлана-чөйрөнү коргоону жана адам укуктарын өнүктүрүү боюнча ишмердигин колдойт. ОБСЕ д-р Фробарттын жетекчилиги астында мамлекеттик органдар, жарандык коом жана эл аралык өнөктөштөр менен бекем кызматташтыкты улантууну күтөт.
Кыргызстанда “Климат – Тоолор – Жаштар” аттуу улуттук жаштар жайкы лагери башталды
Publishing date: 29 августа 2025
Content type: News
Where we are: ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсеси
What we do: Climate change, Айлана-чөйрөнү коргоо, Water management, Жаштар
Кызыл-Суу, 2025-жылдын 22-августу – Кыргызстандын ар кайсы жерлеринен келген 20дан ашуун катышуучу, Кызыл-Сууда “Климат-Тоолор-Жаштар” аттуу улуттук жаштар жайкы лагерине чогулушту. Бул лагерди ишке ашырган ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсеси, Тоолуу региондорду өнүктүрүү боюнча иш аракеттердин беш жылдык ишке ашыруу боюнча Кыргызстандын Президенттин атайын өкүлүнүн кеңсеси, Тянь-Шань бийик тоо илимий борбору, Кыргыз Республикасынын альпинизм жана спорттук альпинизм Федерациясы жана “жашыл экономика үчүн Кыргызстандын студенттери” коомдук жаштар уюму менен биргеликте уюштурду. Сегиз күндүк жайкы лагерь жаш лидерлерге климаттын өзгөрүшү, тоо экосистемалары жана туруктуу өнүгүү боюнча билим алууга, тажрыйба топтоого жана ой-пикир алмашууга мүмкүнчүлүк түзүп берет. Интерактивдүү семинарлар, талаа изилдөөлөр жана муз, суу жана жайыт боюнча практикалык сабактардын жардамы менен катышуучулар климаттын өзгөрүшүнүн Кыргызстандагы айлана-чөйрөгө жана коомчулукка тийгизген түз таасирлерин изилдеше алышат. Расмий ачылыш аземине ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин башчысы элчи Алексей Рогов, Президенттин атайын өкүлү Динара Кемелова, Тянь-Шань бийик тоо илимий борборунун директору Руслан Сатылканов жана Кыргыз Республикасынын альпинизм жана спорттук альпинизм Федерациясынын Президенти Эдуард Кубатов катышты. Алар жаштарга климаттык иш-аракеттерге жана Тоолорду туруктуу өнүктүрүүгө активдүү катышуунун маанилүүлүгүн баса белгилеп кетишти. Программанын алкагында төмөнкүлөр: Климаттын өзгөрүшү жана мөңгүлөрдү көзөмөлдөө илими боюнча окутуу; Жогорку бийиктиктеги изилдөө станцияларына жана Ысык-Көл көлүнө экскурсиялар жана талаа изилдөөлөр; Суунун сапаты, биологиялык ар түрдүүлүк жана жайыттардын бузулушу боюнча практикалык изилдөөлөр; Туруктуулук көндүмдөрүн куруу үчүн аска-зоолорго чыгуу жана тоо коопсуздугу боюнча окутуу; Жаштардын үнүн күчөтүү үчүн Чыгармачыл Сессиялар, анын ичинде көркөм терапия жана ачык сүйлөшүүлөр камтылат. Жайкы лагерь жаштар үчүн илим, практика жана коомчулук менен байланышуу үчүн уникалдуу платформа болуп саналат. Кыргызстандын тоолуу ландшафтындагы талаа изилдөөлөрдү жана сессияларды айкалыштыруу менен, бул демилге жаштарга туруктуу чечимдерге салым кошуу үчүн билим берип, алдыга умутлганга шыктандыра берет. Бул иш-чара ЕККУнун климаттын өзгөрүшү боюнча маалымдуулукту жогорулатуу, экологиялык коопсуздукту чыңдоо жана жаштарды колдоо боюнча тынымсыз аракеттеринин бир бөлүгү болуп саналат.
ЕБ жана ЕККУ Борбордук Азиянын уран калдыктарын тазалоо боюнча аймактык кызматташтыкты бекемдөөгө колдоо көрсөтүүдө
Publishing date: 21 июля 2025
Content type: News
Where we are: ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсеси
What we do: Climate change, Айлана-чөйрөнү коргоо
Худжанд, 2025-жылдын 18-июлу- 2025-жылдын 17–18-июлунда Тажикстандын Худжанд шаарында, Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюму (ЕККУ) БУУнун Өнүктүрүү программасы (ПРООН) менен тыгыз өнөктөштүктө жана Европа Биримдигинин (ЕБ) каржылык колдоосу менен Кыргызстан, Таджикстан жана Өзбекстан мамлекеттеринен келген Орхус борборлору жана негизги кызыкдар тараптардын аймактык координациялык жыйынын өткөрдү. Бул иш-чара “Борбордук Азияда уран калдыктары боюнча тобокелдиктерди жоюуда кызыкдар тараптарды тартуу” (III фазасы) долбоорунун алкагында өтүп, аймактык кызматташтыкты жана элге багытталган чечимдерди бекемдөөгө арналды. «Биздин долбоор — бул эл аралык уюмдар, улуттук мекемелер, эксперттер коомчулугу жана эң маанилүүсү — жарандардын ортосундагы болгон туруктуу өнөктөштүктүн уникалдуу мисал экенин баса белгилеп кетишибиз керек », — деди Элчи Алексей Рогов, Бишкектеги ЕККУнун Программалык кеңсесинин башчысы. Иш-чаранын жүрүшүндө Кыргызстан, Таджикстан жана Өзбекстандын Орхус борборлору жана окшош уюмдары 2025–2027-жылдарга карата үч тараптуу кызматташуу тууралуу Меморандумга жана кызматташуу планына кол коюшту. Бул аймактык деңгээлдеги уран калдыктарын тазалоо иштеринде жана уран казып алынган аймактардагы социалдык-экономикалык өнүгүүгө багытталган аракеттерде жакшыраак координацияны камсыздоого жол ачат. Орхус борборлорунун негизги максаты- жарандарды, мамлекеттик органдарды жана жеке секторду экологиялык маселелерди чечүүгө тартуу үчүн аянтча түзүү болуп эсептелинет. «Бүгүнкү күндө 2025–2027-жылдарга карата Орхус борборлорунун биргелешкен планы жана кызматташуу боюнча Меморандумга кол коюлушу — узак мөөнөттүү кызматташтыкка олуттуу кадам. Мындай демилгелер Борбор Азиянын туруктуу өнүгүүсү үчүн бекем негиз түзөт деп ишенем», — деп кошумчалады ЕККУнун Душанбе шаарындагы Программалык кеңсесинин жетекчисинин милдетин аткаруучусу Татьяна Туркан. Жыйын ошондой эле Оштогу (Кыргызстан), Худжанддагы (Таджикстан) Орхус борборлорунун жана Өзбекстандын Спорт жана экотуризм федерациясынын жалпы ишмердүүлүгүн талкуулоо үчүн да платформа болду. Улуттук радиациялык коопсуздук органдарынын, ЕККУнун талаа миссияларынын, ЕБнин Өзбекстандагы өкүлчүлүгүнүн жана жарандык коомдун өкүлдөрү жетишилген ийгиликтерди баалоо, кызматташууну күчөтүү жана максаттарды биргеликте ишке ашыруу үчүн чогулушту. Иш-чаранын алкагында аймактык объекттерге баруу жана коомдук демилгелер, жашыл инфраструктура жана экологиялык коопсуздук боюнча тажрыйба алмашуулар дагы болду. «Бул долбоордун бардык катышуучуларын жалпы кызыкчылыктар ы менен бириктирет. Биз чогуу иш алып барып, Борбордук Азия эли үчүн коопсуз, ынтымактуу жана туруктуу келечекти камсыз кылууга аракет кылабыз», — деди доктор Зильке Клевер, Экономика жана экология бөлүмүнүн башчысы, ЕККУнун Өзбекстандагы долбоорлорунун координатору «Борбордук Азиядагы уран калдыктары менен байланышкан экологиялык жана социалдык-экономикалык көйгөйлөр мамлекеттик чек аралардан чыгып жатат. Орхус борборлорунун ортосундагы кызматташуу жөнүндө Меморандум жалпы чечимдерди табуу жана ишке ашыруу жолундагы дагы бир маанилүү кадам. Биз бул демилгени каржылап жаткандыгыбызга сыймыктанабыз жана Борбор Азия өлкөлөрүнүн жана ЕБнин ортосундагы тыгыз кызматташтыкты байкап жатканыбызга сыймыктанабыз», — деп белгиледи ЕБнин Өзбекстандагы өкүлчүлүгүнүн кызматташтык бөлүмүнүн башчысы Вим Риепма. Координациялык жыйын ЕККУнун экономика-экологиялык департаменти тарабынан ЕККУнун Душанбедеги, Бишкектеги жана Өзбекстандагы талаа миссиялары менен биргеликте, Өзбекстандагы ЕБ делегациясынын катышуусунда уюштурулду. ЕБнин каржылык колдоосу менен ЕККУ жана БУУӨП тарабынан ишке ашырылып жаткан “Борбордук Азияда уран калдыктары боюнча тобокелдиктерди жоюуда кызыкдар тараптарды тартуу” долбоорунун III фазасы- инклюзивдүү диалог, коомдук катышуулар жана коомдорду туруктуу өнүктүрүү жолу менен уран объектилерине байланыштуу экологиялык жана социалдык-экономикалык тобокелдиктерди азайтууга багытталган бир долбоор. Бул биргелешкен демилге мурдагы аракеттердин уландысы катары коомду өнүктүрүүгө жана активдүү катышууга шарт түзөт.
Санарип лидерликти жана киберкоопсуздукту чыңдоо: ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсеси мамлекеттик органдардын жетекчи орун басарлары үчүн семинарын өткөрдү
Publishing date: 11 июля 2025
Content type: News
Where we are: ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсеси
What we do: Экономикалык ишмердүү, Киберкоопсуздук
Кыргыз Республикасы, Бишкек ш. | 2025-жылдын 10-июлу- ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсеси Санариптик өнүктүрүү министрлиги менен тыгыз кызматташтыкта мамлекеттик органдардын жетекчи орун басарлары үчүн санариптик лидерликти жана киберкоопсуздук жөндөмдөрүн бекемдөөгө багытталган бир күндүк семинарын өткөрдү. Бишкекте өткөн бул иш-чарага өлкөнүн ар кайсы мамлекеттик мекемелеринен 90го жакын жетекчи-кызматкерлер катышты. Бул демилге- мамлекеттик башкарууда санариптик көндүмдөрдү өнүктүрүүгө жана коопсуз санариптик трансформацияны колдоого багытталган ЕККУнун кеңири аракеттеринин бир бөлүгү болуп саналат. Семинардын программасынын алкагында киберкоопсуздук, электрондук документтерди жана IT-долбоорлорду башкаруу сыяктуу маанилүү темаларды камтып, аларды Санариптик өнүктүрүү министрлигинен тарабынан келген адистери окутту. Семинардын негизги бөлүгү болуп кибер-гигиена боюнча атайын маалымат сабагы өтүлдү. Ал заманбап кибер чабуулдардын мисалдарын, кибер алдамчылардын психологиялык портреттерин жана расмий иштерде жасалма интеллект технологияларын колдонууга байланыштуу тобокелдиктерди талкуулоону камтыды. Катышуучулар ошондой эле жеке жана мекемелик киберкоопсуздук боюнча практикалык көнүгүүлөрдү жана изилдечү кейстерди алышты. «Бүгүнкү семинар- заманбап кибер коркунучтар, коргонуу каражаттары жана эл аралык практикалар жөнүндө заманбап билимге ээ болуу мүмкүнчүлүгү гана эмес, ошондой эле мамлекеттик органдардын ортосундагы координацияланган мамилелерди өнүктүрүү үчүн аянтча болуп эсептелинет. Өз ара аракеттенүүсүз, тажрыйба алмашуусуз жана жалпы стратегиялык көз карашсыз туруктуу санариптик коопсуздукка жетишүүгө мүмкүн эмес»,- деди ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин элчиси Алексей Рогов. ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсеси, киберкоопсуздук- бул натыйжалуу санариптештирүүнүн жана мамлекеттик башкаруу реформасынын негизги өзөгү экендигин баса белгилейт. Жогорку мамлекеттик кызматкерлерге керектүү көндүмдөрдү жана маалымдуулукту берүү менен, бул демилге туруктуу, ачык-айкын жана коопсуз санариптик башкарууну түзүүгө салым кошот.
ЕККУнун колдоосу менен өткөрүлгөн окуу Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин ок-дарыны башкаруу мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатат
Publishing date: 18 апреля 2025
Content type: News
Where we are: ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсеси
What we do: Куралдануунун үстүнөн контр, Демократташтыруу, Чек ара режими
2025-жылдын 1-11-апрель күндөрү Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин он сегиз адиси ок-дарыны коопсуз сактоо, көзөмөлдөө жана ташуу боюнча окуудан өттү. Бул окуу ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсеси тарабынан Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги менен биргеликте жана Германия Федеративдүү Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн колдоосу менен уюштурулган. Бул эки жумага созулган интенсивдүү окуу Германиянын Бундесверинин Верификациялоо борборунун эксперттери тарабынан өткөрүлүп, катышуучуларды ок-дары менен коопсуз иштөө боюнча терең техникалык билим жана практикалык көндүмдөр менен камсыз кылды. Окуу эл аралык таанылган стандарттарга, анын ичинде Эл аралык ок-дары боюнча техникалык нускамаларга, БУУнун "Кызгылт сары китебине", Кооптуу жүктөрдү автомобиль менен ташуу боюнча келишимге жана ЕККУнун мыкты тажрыйбаларына ылайык өткөрүлдү. Окуу учурунда катышуучулар ок-дарыны коопсуз сактоо, эффективдүү көзөмөлдөө жана ташуу боюнча практикалык көндүмдөргө ээ болушту. Бул көндүмдөр улуттук коопсуздукту камсыздоодо жана эл аралык нормаларга ылайык иш алып барууда маанилүү. Окуу Кыргызстандын ок-дарыны коопсуз башкаруу системасын жакшыртуу боюнча аракеттерин дагы бир жолу бекемдеп, өлкөнүн жалпы коопсуздук инфратүзүмүн чыңдоого салым кошту. Бул окуу Германиянын Куралдуу күчтөрүнүн 2023–2025-жылдар аралыгындагы колдоосунун акыркы этабын түздү. Бул мезгил ичинде жалпы жонунан Коргоо министрлигинин 65 кызматкери ийгиликтүү даярдыктан өттү. Бул демилге Австрия, Франция, Германия, Норвегия жана Швейцария тарабынан колдоого алынган, Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин Жеңил жана ок атуучу куралдын жана кадимки ок-дарылардын запастарынын жашоо циклин башкаруу мүмкүнчүлүктөрүн жакшыртууга багытталган, ЕККУнун кошумча бюджеттик долбоорунун алкагында ишке ашууда.