Жаңылыктар
News and press releases
ЕККУнун ишмердүүлүгү жөнүндө жаңылыктар жана пресс-релиздер
ЕККУнун колдоосу менен өткөрүлгөн курал-жарактардын мыйзамсыз соодасына каршы окутуу Кыргызстандагы чек ара коопсуздугун чыңдоодо
Publishing date: 21 ноября 2024
Content type: News
Where we are: ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсеси
ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсеси ЕККУ Секретариатынын Чыр-чатактардын алдын алуу борбору жана Коопсуздук боюнча кызматташтык форуму менен биргеликте Ош шаарында «Курал-жарак жана жеңил куралдар (КЖЖК), ок-дары жана жарылуучу заттар менен мыйзамсыз соодага каршы күрөшүү» аттуу окутуу курсунун экинчи модулун ийгиликтүү аякташты. Окутуу 2024-жылдын 18-21-ноябрында өтүп, Кыргызстандын Чек ара кызматынын кызматкерлеринин КЖЖКны аныктоо, конфискациядан кийинки документтештирүү, маалымат бөлүшүү жана изин табуу боюнча мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатууга багытталды.
Кыргызстан жаштар курама командасы ЕККУнун колдоосу менен каржылык коопсуздук боюнча IV Эл аралык олимпиадада өлкө намысын коргоодо
Publishing date: 7 октября 2024
Content type: News
Where we are: ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсеси
Ысык-Көл, 2024-жылдын 8-13-сентябры – Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы (ФЧМК) жана ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсеси тарабынан уюштурулган финансылык коопсуздук боюнча беш күндүк Күзгү лагери жыйынтыкталды. Лагер Кыргызстандын финансылык коопсуздук боюнча улуттук командасынын мүчөлөрүн IV Эл аралык финансылык коопсуздук олимпиадасына даярдоого багытталган.
Коопсуз келечекти куруу: ЕККУ Кыргызстандагы ок-дары кампаларын башкаруу боюнча тренинг-окутууларды алып барууда
Publishing date: 19 июля 2024
Content type: News
Where we are: ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсеси
Ош, 2024-жылдын 15-19-июль – ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсеси Кыргызстандагы ок-дары кампаларын башкаруу (ОКБ) боюнча тренерлер үчүн бир жумалык окуу курсун өткөрдү. Бул демилге келечектеги ок-дарыларды сактоону башкаруу боюнча тренерлердин квалификациясын эл аралык сунуштарга жана алдыңкы тажрыйбаларга ылайык жогорулатууга багытталган.
ЕККУнун көчмө окуу тобу Кыргызстандагы чек ара жана бажы кызматкерлери үчүн кризисти башкаруу жана сурамжылоо алып баруу көндүмдөрүн өркүндөтүүдө
Publishing date: 5 июля 2024
Content type: News
Where we are: ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсеси
What we do: Чек ара режими, Countering terrorism
БИШКЕК, 2024-жылдын 1-5-июлу – ЕККУнун Трансулуттук коркунучтар департаменти ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсеси менен биргеликте “Кризистик кырдаалдарды башкаруу, шектүүлөрдүн жүрүм-турумун талдоо жана сурамжылоо жүргүзүү ыкмалары” боюнча бир жумалык окуу курсун өткөрдү.
Бишкекте маанилүү инфраструктураны жана аялуу объектилерди коргоо боюнча консультациялар ЕККУнун колдоосу менен жыйынтыкталды
Publishing date: 23 мая 2024
Content type: News
Where we are: ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсеси
2024-жылдын 15-майынан 17-майына чейин ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсеси Кыргыз Республикасынын (КР) мамлекеттик органдары менен маанилүү инфраструктуранын жана коомдук жайлардын коопсуздугу боюнча консультацияларды өткөрүүгө көмөктөштү. Терроризмге каршы комитеттин Аткаруу директораты (CTED) жана Бириккен Улуттар Уюмунун Терроризмге каршы башакармалыгынын (UNOCT) жетекчилиги астында өткөн талкуулар ЕККУ жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен өнөктөштүктө өткөрүлдү.
Кыргыз Республикасы ЕККУнун колдоосу менен ок атуучу куралдардын жана жеңил куралдардын мыйзамсыз жүгүртүүсүнө, ок-дарылардын жана жардыргыч заттардын жайылышына каршы аракеттенүү потенциалын күчөтүүдө
Publishing date: 4 марта 2024
Content type: News
Where we are: ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсеси
2024-жылдын 26-февралынан 1-мартына чейин Кыргыз Республикасынын Ош шаарында курал-жарактарды мыйзамсыз жүгүртүүнүн терс таасирин жоюуга багытталган “Чек арадагы ок атуучу куралдардын жана жеңил куралдардын, ок-дарылардын жана жардыргыч заттардын мыйзамсыз жүгүртүүсүнө каршы күрөшүү” аттуу окуу курсу болуп өттү.
ЕККУ Кыргызстанда экстремизм жана терроризм менен күрөшүүдө мониторинг жүргүзүүнүн жана баа берүүнүн алдыңкы ыкмаларын колдоодо
Publishing date: 16 февраля 2024
Content type: News
Where we are: ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсеси
What we do: Countering terrorism
2024-жылдын 15-февралында Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023–2027-жылдарга экстремизмге жана терроризмге каршы аракеттенүү программасын (мындан ары – Программа) ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планына мониторинг жүргүзүү жана баа берүүгө арналган үч күндүк семинар аяктады.