Жаңылыктар
News and press releases
ЕККУнун ишмердүүлүгү жөнүндө жаңылыктар жана пресс-релиздер
ЕККУ Кыргызстандын студенттерин баңгизатка каршы күрөшкө тартууда
Publishing date: 13 ноября 2023
2023-жылдын 10-ноябрында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Баңгизаттарга каршы программасын ишке ашыруунун алкагында Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы ЕККУнун Бишкектеги программалык кеңсеси менен биргеликте Кыргыз-Россия Славян университетинин юридикалык факультетинин студенттери үчүн тегерек стол уюштурду. Талкуунун негизги темасы “Жаштар арасында баңгизаттарды колдонууну алдын алуу” болду.
ЕККУ Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин институттук потенциалын бекемдөөдө
Publishing date: 1 ноября 2023
Content type: News
Where we are: ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсеси
What we do: Куралдануунун үстүнөн контр, Чек ара режими, Countering terrorism
2023-жылдын 31-октябрында Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсеси менен биргеликте Ош шаарында модернизацияланган эки окуу кабинетинин ачылышын белгиледи.
Аялдардын катышуусу – тынчтыктын жана туруктуулуктун кепилдиги
Publishing date: 30 октября 2023
Content type: News
Where we are: ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсеси
What we do: Гендердик теңчилик
2023-жылдын 30-октябрында Баткен шаарында “Аялдардын катышуусу – тынчтыктын жана туруктуулуктун кепилдиги” аттуу Форуму болуп өттү. Форум БУУнун Коопсуздук Кеңешинин 2022-2024-жылдарга каралган 1325 Резолюциясын ишке ашыруу боюнча Кыргызстандын Улуттук иш-аракеттер планынын негизги элементи катары өзгөчө мааниге ээ. «Мамлекеттик башкаруу, мыйзамдуулук жана тынчтыкты куруу» чөйрөсүндөгү стратегиялык багыттарды кароодон кийин Форум деталдуу талдоо, жалпы көйгөйлөрдү аныктоо жана «Аялдар, тынчтык, коопсуздук» глобалдык күн тартибин колдоого багытталган артыкчылыктарды аныктоо үчүн аянтча катары кызмат кылды.
Экологиялык аң-сезимди искусство аркылуу жогорулатуу: ЕККУнун колдоосу менен Нарын шаарынын тургундарына "АДАМ" аттуу балет спектакли биринчи жолу коюлду
Publishing date: 29 октября 2023
Content type: News
Where we are: ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсеси
What we do: Climate change, Айлана-чөйрөнү коргоо, Hazardous waste management, Жаштар
2023 жылдын 29-октябрында Нарын шаарында экологиянын жана климаттын өзгөрүүсүнүн орчундуу маселелерин чагылдырган «АДАМ» аттуу балет спектакли биринчи жолу көрсөтүлдү. Бул демилге жаштар баш болгон “Кыргызстан студенттери жашыл экономика үчүн” коомдук уюму тарабынан, “ARTIS” демилгелүү тобу жана Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театры менен биргеликте ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин колдоосу менен уюштурулду.
Кыргызстан менен ЕККУ саламаттыкты сактоо жана билим берүү тармагында киберкоопсуздукту биргелешип бекемдөөдө
Publishing date: 27 октября 2023
Content type: News
Where we are: ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсеси
What we do: Киберкоопсуздук, Билим берүү
Бишкек, Кыргызстан, 24-25 октябрь – Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттик ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсеси менен биргеликте саламаттыкты сактоо жана билим берүү тармактарында киберкоопсуздукту, жеке маалыматтарды коргоону жана киберкоопсуздук боюнча маалымдуулукту күчөтүүгө багытталган 2 күндүк тренинг өткөрдү.
Жаштар коопсуз дүйнө үчүн: ЕККУнун колдоосу менен уюштурулган адам сатууга каршы күрөшүү боюнча Жаштар форуму аяктады
Publishing date: 26 октября 2023
Content type: News
Where we are: ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсеси
What we do: Combating trafficking in human beings, Адам укуктары, Билим берүү, Миграция, Жаштар
Ысык-Көл, 2023-жылдын 23-26-октябры – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Миграция Кеңеши ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсеси менен биргеликте адам сатууга каршы күрөшүү боюнча төрт күндүк Жаштар форумун уюштурду.
Кыргызстанда ЕККУнун колдоосу менен жыл сайын өтүүчү бангизаттарды табуу боюнча Кинологиялык сынагы алып барылды
Publishing date: 23 октября 2023
Content type: News
Where we are: ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсеси
Бишкек шаарында 2023-жылдын 18-20 октябрында Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Бангизаттардын мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы тарабынан ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин колдоосу менен жыл сайын өткөрүүчү Кинологиялык сынагы алып барылды. Милиция күнүнүнө арналган сынакка Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Бангизаттардын мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөөшү кызматы, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматы, Мамлекеттик бажы кызматы жана Мамлекеттик чек ара кызматы катышты.