Жаңылыктар
News and press releases
ЕККУнун ишмердүүлүгү жөнүндө жаңылыктар жана пресс-релиздер
ЕККУ Кыргызстандын саясаттагы аялдарга карата зомбулук маселелери боюнча биринчи изилдөөнүн жыйынтыктарын презентациялоодо
Publishing date: 3 июня 2022
Content type: News
Where we are: ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсеси
What we do: Демократташтыруу, Адам укуктары, Гендердик теңчилик
31-майда ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсеси кабыл алуучу мамлекетте биринчи жолу жүргүзүлгөн «Кыргызстандын саясатындагы аялдарга карата зомбулук» изилдөөсүнүн жыйынтыктарын талкуулоо үчүн тегерек стол өткөрдү. Изилдөө 2021-жылдын ноябрынан 2022-жылдын январына чейин ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин жана Демократиялык институттар жана адам укуктары боюнча бюронун (ДИАУБ) колдоосу менен «Социалдык технологиялар агенттиги» бейөкмөт уюму тарабынан жүргүзүлгөн.
ЕККУ Кыргызстандагы этностор аралык биримдикти чыңдоого жардам берүүдө
Publishing date: 19 мая 2022
Content type: News
Where we are: ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсеси
18-19-майда ЕККУнун Программалык кеңсеси Кыргызстандагы тынчтык орнотуу иш-чараларын колдоо боюнча программалык аракеттеринин алкагында потенциалды жогорулатуу боюнча бир катар иш-аракеттерди баштады. Ош шаарында өткөн семинар чыр — чатактардын алдын алуу жана абайлатуу маселелери менен алектенген мекемелерди колдоого, анын ичинде Кыргыз Республикасында «Кыргыз жараны» концепциясын ишке ашыруунун алкагында колдоого багытталган.
ЕККУ Кыргызстандын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын жана анын аппараттынын кызматкерлеринин потенциалын бекемдөөгө колдоо көрсөтүүдө
Publishing date: 18 мая 2022
Content type: News
Where we are: ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсеси
What we do: Демократташтыруу, Адам укуктары, Тийиштүү түрдө башкаруу
Жогорку Кеңеш – Кыргызстандын улуттук парламенти, анын курамына 90 депутат, анын ичинде 19 депутат айым кирет. 50гө жакын жаңы шайланган парламентарийлер жана Кыргызстандын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын кызматкерлери апрель жана май айларында Кыргызстандагы БУУнун өнүктүрүү программасынын жана ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин колдоосу менен уюштурулган бир катар окуу семинарларына катышышты.
ЕККУ Кыргызстандын 2020-жылдагы парламенттик шайлоого даярдык көрүү жана коопсуздукту, мыйзам үстөмдүгүн камсыздоо боюнча аракеттерин колдойт
Publishing date: 21 августа 2020
Content type: News
Where we are: ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсеси
What we do: Демократташтыруу, Шайлоолор
2020-жылдын 17-августунда Бишкек шаарында ЕККУнун колдоосу менен уюштурулган үч жумалык онлайн окуу курсуна Бишкек шаарынын күч түзүмдөрүнүн 100дөн ашык өкүлдөрү катышты. Курс Кыргызстанда 4-октябрда өтө турган парламенттик шайлоого даярдык көрүү жана коопсуздукту, мыйзамдуулукту камсыздоого арналды.
ЕККУ Кыргызстандын жаңы Парламентинин алдында турган маселелерди талкуулоого платформа камсыз кылды
Publishing date: 28 декабря 2010
Content type: Пресс-релиз
Where we are: ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсеси
What we do: Демократташтыруу
БИШКЕК, 28-декабрь, 2010-жыл – Бугун Бишкекте ЕККУнун Бишкекетеги борбору колдогон форум болуп ѳттү. Ал форум Кыргызстанда жаңыдан түзүлгѳн Парламенттин алдында жаткан, жана жаңыдан дайындалган биринчи коалициялык ѳкмѳттүн алдында жаткан маселелерди чечүүгѳ арналган форум болду.