БИШКЕК, 4-июля 2012-жыл – Толеранттуулук жана улуттар аралык биргелешип тынчтыкта жашоо идеясы аталыштагы спектакльдер 12-13-июльда Ош шаарында өтмөкчү.
Спектакльдер Ибраимов атындагы Ош улуттук кыргыз драма театры жана Бабур атындагы Ош областтык өзбек музыкалык-драма театрында, ЕККУнун Бишкектеги борборунун колдоосу менен түзүлгөн, Ош шаарынын аймактык жаштар кеңешинин катышуусунда өтөт. Аталаган иш-чаранын ишке ашышына “ИРЭТ” бейөкмөт уюмунун колдоосу менен Ош шаарынын жаштар иштери боюнча комитети дагы активдүү катышышты.
Аталган эки театр 2012-жылдын февраль айында Япониянын өкмөтү тарабынан жалпы суммасы 185 033 АКШ доллларына бааланган үн жабдууларын жардам катары алышкан. Бул жардам эки этникалык топтордун өкүлдөрүнүн балансташкан жардамын өзгөчө баса белгиледи.
Өзбек театрында өтүүчү “Аң-сезим жана муктаждык” аталыштагы спектакль күйөөсү кыргыз, аялы өзбек болгон аралаш үй-бүлөнүн мамилелерин жана көйгөйлөрүн баяндайт. Спектакльдер кыргыз жана өзбек тилдеринде, эки улуттун жаш актерлорунун тең катышуусунда өтөт.
Кыргыз театрында, кыргыз тилинде өтүүчү “Бир көчөнүн балдары” аталыштагы спектакль ар улуттун жаштарынын ортосундагы мамиле жана чыр-чатактарга, алардын чечилишине баяндайт.
ЕККУнун Бишкектеги борбору спектакльге Ош шаарынын мэриясы жана жерлгиликтуу партнер “ИРЭТ” бейөкмөт уюму менен биргеликте, Ош шаарынын 12 аймактык жаштар кеңешинин потенциалын жогорулатууга багытталган долбоорунун алкагында, ошондой эле, ЕККУнун чыр-чатактарды алдын-алуу жана улуттар аралык ынтымакка багатталган ишмердигинин алкагында жардам көргөзүүдө.
Он эки аймактык жаштар кеңеши өзүнө ар тарапта иштеген 330 жаш лидерлерди камтыйт. Кеңештердин өкүлдөрү жергиликтүү жаштарды коргоого катышууда жана Ош шаарындагы ар улуттун жаштарынын ортосудагы чыдамдуулук, тынчтыкты орнотуу жана өз ара сый-урматты бекемдөөгө багытталган ар кандай иш-чараларды уюштуруп келишүүдө.
Журналисттерди 2012-жылдын 12-июльда, саат 13:30до өтүүчү өзбек театрындагы жана 13-июльда, саат 10:00до өтүүчү кыргыз театрындагы спектакльдерге чакырабыз.
Аталган спектакльдерге Ош шаарынын мэри М.Мырзакматов, Япониянын Кыргызстандагы элчиси Син Маруо жана ЕККУнун Бишкектеги борборунун башчысынын милдетин аткаруучу Андерс Труэдссон катышат.
Байланыш телефондору:
ЕККУнун Бишкектеги борбору – Светлана Левина - тел:0 (312) 612441; моб.+996 775 970322
Япониянын Кыргызстандагы элчилиги – Назира Юсупова – тел: 0 (312) 300050