ЕККУ Кыргызстандын түштүк аймагынын жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө жана Суу колдонуучулар Ассоциациясына окуу семинарын өткөрүүдө
Жалал-Абад, Кыргызстан, 10-март 2012-жыл – Бүгүн Кыргызстандын түштүгү Жалал-Абадда ЕККУнун Ош шаарындагы офисинин колдоосунда окуу семинары өтүүдө. Бул семинардын максаты болуп суу ресурстарын эффективдүү колдонуу жана сууга байланышкан маселелерди чечүү эсептелет.
Аталган семинарда бүткүл областын 16 Суу колдонуучулар Ассоциациясынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү кызматташуу жолдорун талкууга алышты. Ошондой эле, конструктивдүү жана эффективдүү кызматташууну түзүү боюнча тажрыйбалары менен бөлүшүштү.
ЕККУнун Бишкектеги борборунун башчысы, элчи Эндрью Тесорьер мындай деди: “Кыргызстанда суу ресурстарын бөлүштүрүү, колдонуу жана башкаруу экономикалык натыйжасыздык менен мүнөздөлөт жана коомдордогу чыр-чатактар менен байланышкан. Маанилүү жана кызыкдар тараптарды -Суу колдонуучулар Ассоциациясын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүн чогулткан бүгүнкү иш-чара, коомдордордун ичиндеги түшүнүүгө, айыл-чарба иштерине жана айлана-чөйрөнү туура башкара билүүгө чоң салым кошот”.
Жергиликтүү Кеңештин башчысы Болотбек Базаркулов мындай деп кошумчалады: “ Сугат иштери Фергана өрөөнүнүн айыл-чарбасына абдан маанилүү. Суу бөлүштүрүүдөн келип чыккан чыр-чатактарда адамдар эң биринчи эле Суу колдонуучулар Ассоциациясына жана жергиликтүү бийлик органдарына кайрылышат. Бул институттар бир маселени чечкендигине байланыштуу, өздөрүнүн тажрыйбасына жана жүргүзгөн кароолоруна ылайык, биргеликте кызматташуунун эффективдүү жолдорун иштеп чыгышат”.
ЕККУ “Кыргызстандын түштүгүндөгү Суу колдонуучулар Ассоциациясынын мүмкүнчүлүгүн жогорулатуу” долбоорунун алкагында Ассоциациянын 55 насаатчы өкүлү өз кезегинде, башка 36 ассоциациялардын мүчөлөрүнө өз билимин үйрөттү. Мүмкүнчүлүктү жогорулатууга кошумчалай, техникалык жардам катары ирригациялык жабдуу жана каналды реконструкциялоого курулуш материалы берилди. Ошондой эле,мини-гранттар Ассоциациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын биргелешкен ишинде координацияны жана кызматташууну жогорулатуу максатында берилет.
Мындай окуу семинарлары 13 жана 15-марта Ош жана Баткен областарында уюштурулат.