OSCE Centre in Bishkek

Press release

ЕККУнун Кыргызстандагы жана Таджикистандагы талаа операциялары башкы чек ара кызматкерлердин ортосунда кызматташ болууга жардам берет

Participants during a workshop on the development of cross-border co-operation between Kyrgyzstan’s and Tajikistan’s border troops, Bishkek, 10 February 2011. (OSCE/Jafar Usmanov)
Participants during a workshop on the development of cross-border co-operation between Kyrgyzstan’s and Tajikistan’s border troops, Bishkek, 10 February 2011. (OSCE/Jafar Usmanov)

БИШКЕК, 11 февраль 2011 ж. – Бүгүн Бишкекте ЕККУнун чек ара жанындагы маселелер боюнча Кыргызстан жана Таджикистан мамлекеттеринин чек ара кызматкерлеринин ортосунда кызматташ болууга арналган беш күндүк семинары аякталды.

ЕККУнун Бишкектеги борбору жана ЕККУнун Таджикистандагы Офиси биргелешип уюштурган семинарда эки өлкөнүн башкы чек ара кызматкерлери катышышты.

Бишкекте ЕККУнун борборунун башчысы, элчи Эндрю Тесорьер мындай деп айтты: «Бул семинар өз убактысында орун алды. Азыркы учурда Кыргызстан жана Таджикистандын ортосундагы чек аралардын ачыктыгы жана бекемдетилбегендиги боюнча айран калгандык өсүп жаткан мезгили. Семинар эки өлкөнүн чек ара кызматкерлеринин ортосундагы күндөн күнгө бар болуп жаткан кызматташууну, мыйзам чегинде чек араны өтүү жана чек аралардын ортосундагы кылмышка күрөшүүнү бир далай күчөтүүгө себеп болду.»

ЕККУнун Таджикистандагы Офисинин башчысы, элчи Ивар Викки, ушундай эле семинарлар Таджикистан жана Афганистандын чек ара агенстволоруна арналып Душанбеде ийгиликтүү өткөрүлгөн, деп кошумчалады.

«Ушундай семинарлар жана бул семинар ЕККУнун талаа операциялары Борбордук Азиядагы регионалдык кызматташууну күчөтүүгө жардам кылуунун жакшы мисалын көрсөтүүдө», деп ал айтты.

Семинардын ичинде катышуучулар чек ара кызматкерлердин ортосундагы кызматташуу, ЕККУга кирген көп мамлекеттерде ийгиликтүү колдонулган, моделин окушту. Семинардын программасына ошондой эле лекциялар, биргелешкен изилдөө, тобокелди талдоо, биргелешкен операциялар жана үйрөнүүлөр, маалымат алмашуу жана биргелешкен жылдык иш пландарды түзүү боюнча топтогу көнүгүүлөр киргизилген.

Семинарды Финлядия чек ара коргоо кызматынан жана Орусия чек ара кызматынан келишкен үч эксперт алып барышты да өзүлөрүнүн өлкөлөрүнүн чек ара кызматташуудагы тажрыйбасын айтып беришти. БУУнун Бишкектеги качкындар боюнча Жогорку комиссарынын Офиси баш калка издечүүлөр жана качкындар боюнча чек ара кызматташуу окутуусуна киргизүүнү сунуштады.
 

Contacts

  • Svetlana Levina
  • Spokesperson
  • OSCE Centre in Bishkek
  • 139 Toktogul Street
  • 720001 Bishkek
  • Kyrgyzstan
  • Office: +996 312 66 50 15
    Mobile: +996 775 97 03 22
  • Munira Shoinbekova
  • Senior Press and Public Information Assistant
  • OSCE Office in Tajikistan
  • 18a Ahmadi Donish Avenue
  • 734012 Dushanbe
  • Tajikistan
  • Office: +992 37 2265014 /15 /16 /17 /18
    Mobile: +992 988040434
    Fax: +992 37 2265019