OSCE Centre in Bishkek

News

ЕККУнун Бишкектеги борбору Исфанада ичилчү сууну эффективдүү пайдаланууну колдоодо

A local girl from Chek village, Batken province in the south of Kyrgyzstan, washes dishes in an irrigation ditch aryk, Chek, 10 August 2012. (OSCE/Svetlana Levina)
A local girl from Chek village, Batken province in the south of Kyrgyzstan, washes dishes in an irrigation ditch aryk, Chek, 10 August 2012. (OSCE/Svetlana Levina)

2013-жылдын 26-апрелинде «Исфана шаарында ичилчү суунун негизинде чыгып жаткан чыр чатактарды жоюуу» долбооруна багытталган ЕККУ, БУУнун Кыргызстандагы дүйнөлүк Азык-түлүк программасы, Германиялык эл аралык кызматташуу коомунун жана Баткен облусундагы Өкмөттүн Атайын өкүлүнүн арасында өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюлган.

Долбоор Кыргызстандагы ресурстук базаны башкарууну жакшыртуусуна жана ичилчү сууга үзгүлтүксүз жана тең мүмкүнчүлүк алууга көмөк көрсөтүү аркылуу чыр чатактардын пайда болуу коркунучун азайтууга багытталган. 

ЕККУнун Бишкектеги борборунун жетекчиси элчи Сергей Капинос белгилеп кеткендей: «Суу ресурстары Кыргызстан үчүн чоң мааниге ээ, анткени анын экономикасын негизинен айыл чарба сектору түзөт. Ичилчү жана ирригациялык суу сыяктуу ресурсту эффективдүү пайдалануу Исфананын жана Баткен облусунун өнүктүрүүсүнө түрткү берет. Оз кезегинде бул чыр чатактардын пайда болуу ыктымалын азайтуусуна жана саясий стабилдүүлүктү бекемдөөгө көмөк көрсөтөт».

ЕККУ борбору табигый ресурстарды башкарууда кызматташтыкты илгерилөө боюнча өз иш-аракетинин алкагында келишимде катышып келе жатат. Бул иш-аракети менен бирге 2011-жылы өлкөнүн түштүгүндө суу пайдалануучулардын Ассоциацисына көмөк берүү боюнча долбоору башталган. Анын иш-жүргүзүү аймагы кеңейтилди: азыр долбоор Талас облусунда дагы жүзөгө ашырылып келе жатат.

Contacts

  • Svetlana Levina
  • Spokesperson
  • OSCE Centre in Bishkek
  • 6 Ryskulov Street
  • 720001 Bishkek
  • Kyrgyzstan
  • Office: +996 312 66 50 15
    Mobile: +996 775 97 03 22
  • OSCE Centre in Bishkek
  • 139 Toktogul Street
  • 720001 Bishkek
  • Kyrgyzstan
  • Office: +996 312 66 50 15
    Fax: +996 312 66 31 69
  • pm-kg@osce.org